УКМК атайын террордук даярдыктан өтүп, Сириядагы согуштук аракеттерге эл аралык уюмдар тарабында катышкан 1994-жылы туулган М.у.Б. жана 1993-жылы туулган А.у.Т. аттуу Кыргызстандын жарандарын кармады.
Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө караганда, аталган жарандар УКМК тарабынан 18-августта жүргүзүлгөн эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын алкагында кармалышты.
Алар эл аралык террордук уюмдун (ЭТУ) эмиссарларынын жетекчилиги астында чет мамлекеттин аймагында согуштук аракеттерге катышышып, 2019-жылдан бери террордук мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүрүшкөн.
Азыркы учурда, кармалган жарандар УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.
Алардын мыйзамсыз аракеттерин документтештирүү боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Улуттук коопсуздук органдары тарабынан террористтик жана диний-экстремисттик ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштер улантылууда.