29-январда Сириянын өткөөл мезгилдеги президенти жана “Хайат Тахрир аш-Шам” тобунун лидери Ахмед аль-Шараа жаңы кызматтагы биринчи чет элдик турнесин 4-февралда Анкарада жыйынтыктады.
Бул Сириянын жаңы лидеринин экинчи чет элдик сапары. Буга чейин аль-Шараа 2-3-февралда Сауд Аравияда болгон.
Эр-Риядда Сириянын жаңы лидери Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман Аль Сауд менен жолугушту. Лидерлер Сирияда коопсуздукту жана стабилдүүлүктү сактоо, ошондой эле ар кандай тармактарда алакалар жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашкан.

Аль-Шараа Анкарага 4-февралда кечинде келип, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушканын түрк лидеринин кеңсеси билдирген. Асаддын режими кулагандан кийин Түркия Тышкы иштер министрин (ТИМ) Дамаскка жөнөткөн биринчи өлкө болгон: ТИМ башчы Хакан Фидан 2024-жылы декабрда аль-Шараа менен жолугушкан.
Ал-Шараа Түркияга келгенге чейин түрк ЖМКЛары Эрдогандын Сирияга 28-февралга чейин баруу ниети бар экенин маалымдашкан. Бирок Эрдоган Сирияда бийлик алмашкандан кийин Дамаскка сапары менен бара турган биринчи чет элдик лидер болбойт, анткени январдын аягында ал жака Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани барган.
Шейх Тамим ал-Шараа менен болгон жолугушууда Сирия элинин бардык катмарын камтыган өкмөттү тез арада түзүү зарылдыгын баса белгилеген.

Сириянын убактылуу лидери Ахмед аш-Шараа менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жолугушуусунда Сириянын экономикасын жана куралдуу күчтөрүн калыбына келтирүү, ошондой эле коопсуздук маселелери талкууланды.
Эрдоган менен аль-Шараа Анкарада сүйлөштү
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Сириянын убактылуу лидери Ахмед аш-Шарааны Анкарада кабыл алып, анда тараптар Сириянын экономикасын жана куралдуу күчтөрүн калыбына келтирүү, ошондой эле коопсуздук маселелери талкуулашты.

Жолугушуудан кийинки биргелешкен маалымат жыйынында Эрдоган Түркиянын Сирияга карата саясатынын негизи ар дайым анын аймактык бүтүндүгүн жана биримдигин сактоо болгонун белгиледи.
Түрк лидери Сириянын талкаланган шаарларын калыбына келтирүүгө жардам берүүнү убадалап, экономикалык өнүгүү ылдамдаган сайын качкындардын өз ыктыяры менен кайтып келүү көрсөткүчү да өсө турганын белгиледи.
“Бул процессте араб жана ислам дүйнөсүнүн Сириянын жаңы администрациясына жана калкына керектүү материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүүлөрү маанилүү”, – деди Эрдоган.
Эрдоган ошондой эле аль-Шараанын сапарын эки өлкөнүн ортосундагы бекем достук жана кызматташтык мезгилинин башталышына карай тарыхый кадам деп атады.
Аль-Шараа өз кезегинде Түркияга жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, Эрдоганды жакынкы келечекте Сирияга келип кетүүгө чакырды.
Эске салсак, 2024-жылдын ноябрында Сириядагы куралданган оппозиция чабуулун баштап, 8-декабрда борбор шаары Дамаскка кирип барган. Араб республикасынын ошол кездеги президенти Башар Асаддын бийлиги кулатылып, Асад өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болуп Россиядан башпаанек тапкан. Эки күндөн кийин өкмөттү жетектеген Мухаммед аль-Башир өткөөл мезгилдеги өкмөт башчысы болуп дайындалып, мөөнөтү 2025-жылдын 1-мартында аяктай турганын билдирген.
Ал эми Сирия администрациясынын жаңы лидери болуп Ахмед Аш-Шараа дайындалган. Ал үстүбүздөгү жылдын 29-январында Сириянын өткөөл мезгилдеги президенти деп жарыяланган.


















