Сириянын убактылуу өкмөтүнүн курамы түзүлгөнүн, өлкөнүн премьер-министринин милдетин аткаруучу Мухаммед аль-Башир билдиргенин “Аl-Watan” гезити жазды.
«Убактылуу өкмөт түзүлдү, анын курамына “Куткаруу өкмөтүндөгү” бир нече министрлер кирди. Ал конституциялык маселелер чечилгенге чейин 2025-жылдын мартына чейин иштейт», – деди ал.
Анын айтымында, өкмөттүн функциялары жаңы министрлер кабинети түзүлгөнгө чейин өлкөнүн кыйрашына жол бербөө жана жарандарга кызмат көрсөтүү максатында коопсуздукту камсыздоо жана мамлекеттик институттардын туруктуулугун сактоо болуп саналат.
Аль-Башир мурдагы министрлер кабинетинин министрлеринен жардам күтөрүн, ошол эле учурда өкмөттүн алдында көптөгөн чакырыктар турганын баса белгиледи.
“Куткаруу өкмөтү” куралдуу оппозиция тарабынан түзүлүп, анын бийлиги куралдуу топтордун көзөмөлүндө болгон Идлиб провинциясына жана Алеппо провинциясынын түндүгүндөгү бир бөлүгүнө чейин жайылган. Ошол эле учурда Сириянын расмий өкмөтүн премьер-министр Мухаммед Гази ал-Жалали жетектеген.
Дамаск куралдуу оппозициянын көзөмөлүнө өткөндөн кийин ал-Жалали ал жана бир нече министрлер өлкөдө калып, куралдуу оппозициянын жетекчилиги менен байланыш түзүүгө жетишкенин билдирген.
Бир күн мурун Сирияда бийликке келген топтордун мүчөлөрү бийликти өткөрүп берүү жана анархиянын алдын алуу маселесин талкуулашкан. Сунуш кылынган кадамдардын арасында бардык жарым аскерлештирилген топторду жоюу жана аларды аскердик операциялардын командачылыгы астында бириктирүү бар.
Мохаммед аль-Баширдин премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалганы кечээ белгилүү болду. Ага чейин ал Идлиб провинциясында жайгашкан “Куткаруу өкмөтү” деп аталган уюмду жетектеген. “Аль-Жазира” телеканалы 9-декабрда кабарлагандай, Аль-Баширди дайындоо боюнча макулдашуу Сирия оппозициясынын лидерлеринин бири Ахмед аш-Шар менен кызматтан кетип жаткан өкмөттүн премьер-министри Мохаммед Гази аль-Жалалинин жолугушуусунда жетишилген.
Мохаммед аль-Башир 2022-жылы исламчылардын чабуулуна чейин “Хаят Тахрир аш-Шам” тобунун көзөмөлүндө болгон Идлибде өнүктүрүү жана гуманитардык иштер боюнча министр болгон.
Өткөөл мезгилде өкмөттү түзүү милдети жүктөлгөн Сириянын жаңы премьер-министри өз мекендештерине стабилдүүлүк жана бейпилдик убада кылды.
Ноябрдын аягынан бери куралдуу топтор Сириянын бир нече ири шаарларын, анын ичинде Дамасктын аймагын басып алышты. 8-декабрда оппозиция өкүлдөрү мамлекеттик сыналгы аркылуу өлкөгө көзөмөл орнотконун жарыялашты.
Президент Башар Асад, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жаңжалдын айрым катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жүрүшүндө ал кызматтан кетүүнү чечип, республикадан чыгып кеткен. Кийинчерээк Асад жана анын үй-бүлө мүчөлөрү Орусиянын борбору Москвадан башпаанек алганы маалым болгон.















