Сириянын Коргоо министрлиги Сириянын авиациясы Орусиянын Аэрокосмикалык күчтөрүнүн колдоосу менен Идлиб жана Хама провинцияларындагы террордук топторго сокку урганын билдирди.
“Сирия менен Орусиянын согуштук учактары Идлиб провинциясынын түштүгүндө жана Хама провинциясынын түндүгүндө биргелешип сокку урду. Террорчулардын арасында ондогон адам өлүп, жарадарлар бар”, – деп айтылат аскерий департаменттин маалыматында.
Эскерте кетсек, 27-ноябрь күнү Хаят Тахрир аш-Шам кыймылына таандык топтор деэскалация келишимин бузуп, Алеппо жана Идлиб провинцияларына чабуул коюшуп, фронтто алар калктуу пункттарга жана аскер позицияларына чабуул жасаган. 29-ноябрда кеңири масштабдагы операцияга киришип, 30-ноябрда Алеппо жана анын айланасын, анын ичинде эл аралык аэропорт жана Кувейрис аскердик аэродрому террорчулардын көзөмөлүнө өткөн.
Согушкерлер Сириянын экинчи чоң шаарын 2011-жылы кризис башталгандан бери биринчи жолу толук басып алууга жетишти. 2016-жылдын аягына чейин куралдуу оппозиция конуштун чыгыш бөлүгүн гана көзөмөлдөп келген. Бирок Сирия армиясы Орусиянын Аэрокосмикалык күчтөрүнүн колдоосу менен террорчуларды ал жерден кууп чыккан.
Сирия армиясы чабуулга жооп кайтарып, натыйжада согушкерлер адам күчүн жана техникасын жоготкон. 1-декабрь күндөрү алардын Хамадагы жүрүшү токтотулуп, өкмөттүк аскерлер контрчабуулга өтүшүп, басып алынган конуштардын бир бөлүгүн бошоткон.



















