Москва менен Тегеран коргонуу тармагындагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөдө, деди Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу ирандык кесиптеши Мохаммад Реза Аштиани менен болгон жолугушуусунда.
«Биз АКШнын жана анын батыштык өнөктөштөрүнүн каршылыгына карабай, пландалган иш-чаралардын бардыгын ишке ашырууну көздөп жатабыз. Россия менен Иранга каршы санкциялык басым анын пайдасыздыгын көрсөтүп турат, ошол эле убакытта орус-иран өз ара аракеттенүүсү жаңы деңгээлге чыгып жатат», — деди Шойгу.
Россиялык министр Жакынкы Чыгышта туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо жаатында мындан аркы биргелешкен аракеттерге даяр экенин билдирип, орус-иран диалогу өзгөчө интенсивдүү өнүгүп жатканын канааттануу менен белгиледи.
Ал мунун баары негизинен Россия менен Ирандын лидерлеринин ортосунда калыптанып калган ишенимдүү мамилеге байланыштуу экенин белгиледи.
«Жолугушуулардын жогорку динамикасы коргонуу тармагындагы стратегиялык өнөктөштүктү жана аскердик кызматташтыкты мындан ары чыңдоо үчүн жалпы маанайды тастыктайт», — деп баса белгиледи Шойгу.
Ирандык министр Аштиани өз кезегинде Иран менен Россияда күчтүү альянс түзүү үчүн бардык өбөлгөлөр бар экенин белгиледи.
«Биздин кызматташтыгыбыз эл аралык аренада тынчтыкка жана стабилдүүлүккө алып келет деп ишенем», — деди Аштиани.
Анын айтымында, акыркы он жылда Россия менен Ирандын ортосундагы коргонуу жана коопсуздук жаатындагы мамилелери мурда болуп көрбөгөндөй өнүгүүгө ээ болду.
«Сиздин иш сапарыңыз жана өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу биздин эки тараптуу мамилелерибизде таптакыр жаңы, принципиалдуу жаңы мезгилдин башталышын билдирет», — деди ирандык министр.
Ал бүгүнкү күндө дүйнөлүк тартипте олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатканын белгилеп, көптөгөн мамлекеттер акыры көп полярдуу дүйнөнү түзүү жөнүндө жана өз алдынча ойлоно башташканын, алардын арасында Европа өлкөлөрү да бар экенин кубануу менен белгиледи.
Аштиани ШКУ жана БРИКС алкагындагы жолугушуулар “көптөгөн өлкөлөр көп полярдуулукка багыт алып жатканын” көрсөтүп турганын айтып, акыркы бир нече жылда Россия менен Иран кызматташуунун чөйрөсүн кыйла кеңейткенин белгиледи.
