Өзбекстандын президенти жубайы экөө мамлекеттик иш сапар менен Пекинге барды.
Эл аралык «Шоуду» аэропортунда эки өлкөнүн туусу илинип, жогорку даражалуу меймандын урматына ардак караул тизилди.
Шавкат Мирзиёевди КЭРдин маданият жана туризм министри Сунь Ели жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Иш сапардын программасына ылайык, бүгүн, 24-январда Пекинде Өзбекстандын президенти КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Ошондой эле Кытайдын расмий жетекчилери жана ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган.



















