Учурда жергиликтүү кеңештерге шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы чыкты. Боршайком Ош шаардык кеңешинде мандаттар кандай бөлүштүрүлөрүн алдын-ала эсеп менен аныктады.
АСУ добуштардын 96%ын санап бүткөндөн кийинки эсеп:
▪️- “Жаны Кыргызстан” — 22
▪️- “Ынтымак” — 11
▪️- “Мурас” — 8
▪️- “Милдет” — 5
▪️- “Бир Бол” — 5
БШКга маалымат толук түшкөндөн кийин жыйынтык өзгөрүшү мүмкүн экенин кошумчалады.
Эске салсак, Ош шаардык кеңешине жалпысынан 51 депутат болот.

















