Ирандын шейит болгон лидери менен тарыхтагы эң ири коштошуу аземине байланыштуу Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф өз өлкөсүнүн Иран Ислам Республикасынын эли жана өкмөтү менен тилектеш экенин билдирип, «Аятолла Хаменейинин акылмандыгы жана терең ойлору келечек муундардын эсинде түбөлүк сакталат», – деп белгиледи.
Pars Today агенттиги IRNA маалымат агенттигине шилтеме берип билдиргендей, Иранда Ислам революциясынын каза болгон лидери менен коштошуу аземи өтүп жаткан учурда Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф ишемби күнү X социалдык тармагындагы баракчасына төмөнкүдөй билдирүү жарыялады:
«Пакистан өкмөтүнүн жана элинин атынан бир тууган Иран мамлекетинин өкмөтүнө жана элине Иран Ислам Республикасынын маркум лидери, шейит аятолла Сейед Али Хаменейинин жаназасына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам».
Ал ошондой эле мындай деп баса белгиледи:
«Маркум лидердин акылмандыгы, жетекчилик сапаттары жана анын идеяларынын Иранга жана жалпы аймакка тийгизген терең таасири көптөгөн муундардын эсинде сакталат».
Шахбаз Шариф сөзүнүн соңунда:
«Пакистан бир тууган коңшу мамлекет катары бул кайгы жана аза күтүү мезгилинде Иран Ислам Республикасынын жанында турат», – деп белгиледи.




















