Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өкмөткө жана аймактын жетекчилерине эл аралык кырдаалдын кескин курчушуна жооп катары комплекстүү антикризистик чараларды көрүүнү тапшырды. Аткаминерлер тобокелдиктерди алдын ала баалап, улуттук экономикага тийгизчү соккуну жумшартуу үчүн бир нече сценарий боюнча иш алып барышы керек.
Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, биринчи кварталдын экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча жыйында глобалдык туруксуздук тармактарга, тышкы соодага жана бааларга басым жасап жатканы белгиленген. Ыкчам чаралар катары инфляцияны 6–6,5% деңгээлинде кармоо, азык-түлүктү ыкчам импорттоо, логистикалык маселелерди чечүү жана альтернативдүү маршруттарды колдонуу милдеттери коюлган.
Дүйнөлүк мунай бааларынын өсүшүнө байланыштуу транспорт кызматтарынын жана мунай-химия тармагынын өздүк наркын көзөмөлдөө тапшырылды. Жүк ташууда кыйынчылыктарга туш болгон экспортчулар үчүн продукцияны аба аркылуу жеткирүү, жеңилдетилген тарифтерди берүү, ошондой эле транспорт жана соода боюнча коңшу өлкөлөр менен кызматташууну күчөтүү каралган. Инвестиция тармагында ар бир долбоорду күн сайын мониторинг жүргүзүү жана инвесторлор менен түз диалог уюштуруу талап кылынат.
Мамлекет башчысы бардык жетекчилерден «демилгелүү иш алып барууну», тобокелдиктерди күчөп кеткенге чейин аныктоону жана кесепеттерин азайтуу боюнча пландарды так аткарууну талап кылды. Өнөр жай, экспорт, банк системасы жана курулуш тармактары боюнча да тиешелүү тапшырмалар берилди.


















