Акыркы мезгилде биздин өлкөбүздө жана дүйнө жүзүндө адам өмүрүн алган, материалдык жоготууларга алып келип жаткан сел жана башка табигый кырсыктардын себеби эмнеде? Адам баласынын бул табият кубулуштарынын келип чыгуусуна тиешеси барбы жана алдын алууга болобу? Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана болжолдоо департаментинин директору Даурбек Сакиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Ал жыйындын жүрүшүндө алыстан зонддоо же жерди изилдөө аркылуу мониторинг жүргүзүлүп жаткандыгына токтолуп, алдын алуу жана коргоо чаралары боюнча сунуштар берилип жаткандыгын белгиледи. Мындан тышкары жыл сайын кооптуу аймактарга мониторинг жана текшерүү жүргүзүлүп, болжолдоо материалдары даярдалып жатканын кошумчалады.
Д. Сакиевдин айтымына караганда, январь-февраль айларында бул божомолдор алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилет. Ай сайын гидрометеологиялык кырдаалга жана шарттарга жараша министрлик тарабынан катуу шамал тууралуу эскертүүлөр берилип, СМС билдирүүлөр жөнөтүлүп турат.
Ошону менен бирге ал быйылкы селдин негизги себептерин белгилеп, буларга токтолду.
« – Бул селдин пайда болушуна, жалпысынан кооптуу геологиялык процесстерге алып келет. Жогорку сейсмикалык абал да селдин себептеринин бири. Климаттык фактор да роль ойнойт. Быйылкы жылы республиканын тоо этектеринде жана тоолуу зоналарында жаан-чачындар коп болуп, анын кесепетинен бир нече сел жүрдү. Албетте, адам фактору да роль ойнойт. Үйлөр кургак дарыялардын нугуна жана суу агымдарына курулат. Алар сел жүрүүчү жолду бууп салышты», – деди
Демек, өлкөнүн географиялык өзгөчөлүктөрүнөн улам жер көчкү болушу мүмкүн, анткени республиканын аймагынын 94 пайызын тоолор ээлейт.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2 миңден ашык бийик тоолуу көлдөрдүн 368и жылып кетүү коркунучу алдында турат.
Ал эми, Улуттук илимдер академиясынын Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунун жер үстүндөгү суу ресурстары лабораториясынын башчысы Ольга Стрижанцеванын билдиргенине караганда, акыркы 50-70 жылда Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында да температуранын жогорулашына байланыштуу чоң мөңгүлөр ээрип, майда мөңгүлөр көбөйүп кеткен. Көбүнчө мөңгүлөрдүн ээрүүсүнөн тоолордо майда көлдөр көп пайда болуп же толуп кетүүдө. Жыйынтыгында мөңгү суулары дарыяларга кошулуп, өлкө аймагында сел, суу каптоолор көбөйүүдө.
Стрижанцева белгилегендей, климаттын өзгөрүшү, глобалдык жылуулук процесси менен коштолгон орточо температуранын жогорулашы, экстремалдык аба ырайынын өзгөрүүлөрү мөңгүлөрдүн эришине, өлкөнүн тоо экосистемасына олуттуу таасирин тийгизип жатат. Ошол эл маалда мөңгүлөрдүн азайышынан улам таза суу көйгөйлөрү дагы курчуп баратат.
Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин маалыматы боюнча, быйыл жаан-чачындын көп жаашынан байланыштуу өлкөдө жыл башынан бери 311 сел каптоо учуру катталган.


















