Сауд Аравияда “Аль-Наср” жана Португалия курама командасынын футболчусу Криштиану Роналдуга арналган музей ачылганын Time Out Riyadh билдирди.
Коллекциянын ачылышына Мадейрада да өзүнүн музейи бар португалиялык чабуулчу катышты. Музейде жеке сыйлыктардан жана Роналду жеңген командалык кубоктордун көчүрмөлөрүнөн тышкары, футболчунун момдон жасалган фигурасы да коюлган.
“Бул Мадейрадан Сауд Аравияга чейинки менин тарыхым. Менин CR7 музейим эми Эр-Риядда ачылды”, — деп жазды Роналду Instagram баракчасына.
Эске салсак, португалиялык футболчу “Аль-Насрга” 2023-жылдын январында өткөн. Анын Сауд Аравия командасы менен келишими 2025-жылдын июнь айынын аягына чейин түзүлгөн. Роналду беш жолку “Алтын топтун” ээси. Ошондой эле ал беш жолу Чемпиондор Лигасынын, үч жолу Англиянын чемпиону, эки жолу Испания менен Италиянын чемпиону болгон. Спортчу Португалия курама командасынын курамында Европа чемпиондугун (2016) жана Улуттар Лигасын (2018/19) жеңген.

















