Сауд Аравиянын Тышкы иштер министрлиги Израиль режиминин Газадагы Аль-Моамедани ооруканасын бутага алуудагы жийиркеничтүү кылмышын айыптады.
«Израилдин Газадагы Аль-Моамедани ооруканасын бомбалоодогу жийиркеничтүү кылмышын айыптайбыз», – деп ТИМдин билдирүүсүндө айтылганын ISNA агенттиги жазды.
Мекеменин билдирүүсүндө Израилдин ооруканага жасаган агрессивдүү чабуулу бардык эл аралык мыйзамдарды жана эрежелерди одоно бузуу болуп саналарын белгиледи.
Тышкы иштер министрлиги эл аралык коомчулукту Израилдин Газадагы карапайым элге каршы кайталанган кылмыштарын токтотуу үчүн чара көрүүгө чакырды.
Министрлик Израилдин уланып жаткан агрессиясынан улам Газадагы саламаттыкты сактоо системасы кыйрап жатканын эскертебиз деп кошумчалады.
Маалымат булактары Израилдин аба күчтөрүнүн Аль-Моамедани ооруканасына жасаган соккусунан оорукананын ар кайсы жерлерине олуттуу зыян келтирилгенин кабарлады. Израилдин согуштук учактары оорукананын тез жардам бөлүмүнө эки ракета атышкан. Андан улам оорукананын тез жардам бөлүмдөрүнө, лабораториясына жана дарыканасына олуттуу зыян келтирилген.
Кол салуудан кийин көп сандаган бейтаптар эвакуацияланып, ондогон оорулуулар жана жарадарлар, анын ичинде оор абалдагылар оорукананын жанындагы көчөлөрдө баш калкалашкан.
Чабуулду палестиналык ХАМАС кыймылы айыптап, аны “баскынчы фашисттик армиянын жаңы согуштук кылмышы” деп мүнөздөдү.
ХАМАС ошондой эле эл аралык мекемелердин, өзгөчө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин медициналык мекемелерге үзгүлтүксүз кол салуулар алдында унчукпай турганын айыптап, муну болуп көрбөгөндөй кылмыштар алдында глобалдык абийирдин кыйрашынын белгиси деп атады.
Кыймыл эл аралык коомчулукту, Бириккен Улуттар Уюмун, араб жана ислам өлкөлөрүн бул массалык кыргынды токтотуу үчүн чара көрүүгө чакырды.
Палестинанын Тышкы иштер министрлиги да баскынчы режим тарабынан Аль-Моамедани ооруканасынын талкаланышы эл аралык коомчулуктун унчукпоосунун алдында жүргүзүлүп жаткан геноциддин жана Палестина элинин мажбурлап көчүрүлүшүнүн үрөй учурган көрүнүшү деп баса белгиледи.
Израиль 18-мартта Газага жаңы чабуулун баштап, ХАМАСты АКШнын ок атышпоону узартуу жана Газада дагы эле барымтадагы 59 кишини бошотуу боюнча жаңы сунушун четке какты деп айыптаган.
ХАМАС өз кезегинде Израилди январь айында жетишилген алгачкы келишимди бузду деп айыптаган.
Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы ок атышпоо келишими расмий 1-мартта аяктаган, бирок ортомчулардын Газадагы жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга тараптарды тартуу аракетинен улам аскердик аракеттер кайра жанданбай турган.
Аскердик аракеттер жанданган бери Газадагы гуманитардык кырдаал кескин начарлап кетти, Израиль 2-марттан бери тилкеге жардам киргиздирбей жатат, бул согуш башталгандан берки эң узак блокада болуп саналат.



















