Босния жана Герцеговинанын борбору Сараеводо символикалуу мүнөздөгү «Газа трибуналынын» жыйынтыгы чыкты.
Иш-чаранын катышуучулары Израилди Газа секторундагы геноцид, ондогон жылдар бою жүргүзүлгөн колониализм, кыйноо жана палестин элин жок кылуу аракеттери үчүн кескин айыптаган Жыйынтык декларациясын кабыл алышты. Документти трибунал мүчөсү, профессор Пенни Грин окуп берди.
Декларацияда дүйнөлүк медиа уюмдарынын Газадагы геноцидди жашыруу жана чагымчыл пропаганданы жайылтуудагы шектүү ролу да айыпталды.
Документте палестин элинин өз тагдырын өзү аныктоо укугу талкууга жатпастан, талашсыз жана негизги укук катары белгиленип, бул укук эл аралык укуктун jus cogens жана erga omnes принциптерине ылайык бардык мамлекеттер үчүн милдеттүү экени баса көрсөтүлгөн.
Ошондой эле «Газа трибуналы» БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан таанылган палестин элинин бардык күрөш формаларына, анын ичинде куралдуу каршылыкка болгон укугун дагы бир жолу ырастаган.
Трибуналдын мүчөлөрү Газадагы геноцидди токтотуу жана бул кылмыштарга тиешеси бар адамдарды жоопко тартуу максатында биргелешип иш алып барууга даяр экенин билдиришти. Алар дүйнөнүн бардык бурчундагы жарандык коом өкүлдөрү менен кызматташып, Газадагы окуялардын курмандыктары жана тирүү калган адамдар үчүн адилеттүүлүктү орнотуу, адилет эл аралык тартипти куруу жана эркин Палестинаны түзүү үчүн аракет кылышарын белгилешти.
Декларацияда мындай деп жазылган:
«Биз Израиль бийлигинин геноцид, оторчул колониализм, этникалык үстөмдүк, апартеид, расалык дискриминация, куугунтук, мыйзамсыз конуш куруу, кайтып келүү укугун жокко чыгаруу, жамааттык жаза, камоо, кыйноо, ырайымсыз мамиле, жапырт жазалоо, сексуалдык зомбулук, үйлөрдү бузуу, мажбурлап көчүрүү жана депортация, этникалык тазалоо, демографиялык түзүлүштү күч менен өзгөртүү, ачарчылык жаратуу жана экономикалык, социалдык укуктарды системалуу түрдө четке кагуу сыяктуу кылмыштарын кескин айыптайбыз».
Декларация авторлору дүйнөлүк коомчулукту жана эл аралык уюмдарды акыркы 19 айдан бери Газада болуп жаткан окуялар фонундагы «тарыхый кайдыгерликтен» баш тартууга чакырышты.
«Биз Палестинадагы Израилдин геноцидин жана согуш кылмыштарын, адамзатка каршы кылмыштарын, кээ бир өкмөттөрдүн геноцидге катышуусун жана дүйнөлүк медианын геноцидди жашыруудагы жана палестин элин адамдык сапаттан ажыратуу менен аларга каршы расизмди күчөтүүдөгү жагымсыз ролун айыптайбыз» — деп айтылат билдирүүдө.
«Газа трибуналы» — бул адам укуктарын коргоо максатында түзүлгөн коомдук трибунал. Анын негиздөөчүсү — БУУнун Палестина боюнча мурдагы атайын баяндамачысы Ричард Фальк.
Жыйында колониалдык геноцид, геноциддин түрлөрү, апартеид, мажбурлап көчүрүү, жарандык калкты коргоо, БУУ системасынын жетишсиздиги жана нааразычылыкты кылмыш катары кабыл алуу маселелери талкууланды.
Сараеводо өткөн бул символикалык трибунал 26-майдан 29-майга чейин уланган.


















