Орусиянын Санкт-Петербург шаарында “анклавдарга” каршы күрөштүн алкагында “мигранттарды көзөмөлдөө үчүн адамдын кайсы улуттан экенин тааныган” камераларды колдонуу пландалууда.
Санкт-Петербургдун бийлиги мигранттарга көзөмөлдү күчөтүү планын иштеп чыкканын улуттар аралык мамилелер жана миграциялык саясатты ишке ашыруу боюнча комитеттин төрагасы Олег Капитановдун билдирүүсүнө таянып ИНТЕРФАКС агенттиги жазды.
“Коопсуздукту камсыздоонун алкагында миграциялык кыймылдарга көзөмөлдү күчөтүү маселелери иштелип чыгууда. “Коопсуз шаар” комплексин Санкт-Петербургда мигранттардын “анклавдарынын” пайда болушуна каршы туруу жана аймактагы социалдык чыңалууну болтурбоо боюнча өз убагында профилактикалык чараларды көрүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат”,- деди Капитанов.
Анын айтымында, маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети 8 миң видеокамеранын маалыматты иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү бар этносторду таануу программасын колдонуу укугуна лицензия алуу боюнча мамлекеттик деңгээлде келишим түзгөн. Башкача айтканда, бул камералар адамдын жүзү аркылуу ал кайсы улуттан экендигин айрып тааный алат.
Капитанов белгилегендей, «Коопсуз шаар» тутумунун функционалдуулугун өнүктүрүүнүн алкагында статистикалык отчетторду автоматташтырылган түрдө түзүү менен этносту таануу механизми иштелип чыккан.
Маалыматка караганда, “адамдын жүзүнөн улутун таануу механизми” иштелип чыккан 8 миң видеокамералардын баасы 38,4 миллион рублди түзүшү мүмкүн.
Ал эми Орусиянын мамлекеттик думасынын КМШ иштери боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Константин Затулин муну колдойт. Анткени, укук коргоо кызматкерлери кылмышкер тууралуу бардык майда-чүйдөсүнө чейин билиши керек.
«Улутту аныктоо каалоосу, айрыкча кылмыштуулукка келгенде улутту кемсинтет деп ойлобойм. Укук коргоо органдарында мыйзам бузуучулар тууралуу толук маалымат болушу керек. Бул жөн эле жыныс эмес, улуту да. Анткени бул белги менен кылмыштуу элементтердин жана башкалардын ортосундагы байланыштарды аныктоого болот. Муну жокко чыгарбашыбыз керек», – деди Затулин.
Орусия мамлекети акыркы 2 жыл аралыгында мигранттар үчүн бир катар мыйзамдарды кабыл алып, ар тараптуу көзөмөлдү күчөтүүдө. Кабыл алынган мыйзамдардын алгачкысы үстүздөгу жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирип, укук коргоо органдарына кошумча кеңейтилген укуктар берилген.


















