Самарканд шаарында 5-майда өтүшү керек болгон иш-чара тараптардын макулдашуусу менен белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул маалыматты Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) тастыктады.
Өзбекстандын ТИМинин басма сөз катчысы Ахрор Бурханов өз өлкөсүнүн ММКларына билдиргендей, саммитти өткөрүү эки тараптын өз ара макулдашуусу менен кийинкиге калтырылды.
«Жаңы датаны аныктоо боюнча тараптар кеңешүүлөрдүн негизинде ишин улантууда. Саммиттин датасы жана башка деталдары кошумча маалымдалат.
Бул кызматташтык форматынын алкагында диалогду жана өнөктөштүктү бекемдөө боюнча аракеттер улантылат», – деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, быйыл 16-апрелде Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов Кувейтте өткөн «Борбордук Азия – Перс булуңу араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши» форматындагы үчүнчү министрлер жолугушуусуна катышкан.
Дал ошол жолугушууда 5-майда Самаркандда жогорку деңгээлдеги саммит өткөрүү жарыяланган болчу.
Сүрөт: Кувейт ТИМи




















