Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кызы Саида Мирзиёева мамлекет башчынын жардамчысы болуп дайындалды.
Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Шерзод Асадов Шавкат Мирзиёевдин тиешелүү жарлыктарына таянуу менен билдирди.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы бул кызматка дайындалганга чейин көп жылдар бою ар кандай тармактарда, анын ичинде Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинин директорунун орун басары болгон.
Ушул эле кызматка Азиз Магрупов да дайындалды.