Президент Садыр Жапаровдун Татарстан Республикасына 20-21-февраль күндөрү болгон иш сапары аяктап, 22-февралда таңга маал Бишкекке кайтып келгенин мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы 21-февралда Россиянын президенти Владимир Путин, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахман менен бирге «Келечек оюндары» эл аралык мультиспорттук мелдешинин ачылыш аземине катышты.

Андан соң мамлекет башчылары «Келечек оюндарынын» инсталляцияларын, «Digital sport» жаңы дисциплиналары боюнча арт объектилерди көрүп чыгышты, ошондой эле Dota-2 жана «Фиджитал футбол» дисциплиналары боюнча мелдеш залдарын кыдырышты.

Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, өлкө башчылары анда мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктын жогорку динамикасы белгилешип, кыргыз-россия мамилелерин тереңдетүүгө эки тараптын умтулууларын ырасташты.

Жапаров сапардын алкагында ошондой эле Татарстандын Башчысы Рустам Миннихановдун жолугушуусу болду.

Тараптар Кыргызстан жана Татарстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулап, өнөктөштүк мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даярдыктарын билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында Рустам Минниханов президент Садыр Жапаровду Кыргызстан жана Татарстандын кызматташтыгын өнүктүрүүгө, эки элдин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого кошкон зор салымы үчүн «Дуслык» ордени менен сыйлады.

Мындан тышкары, бул сапардын алкагында Казань шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунун ачылышы болду.



















