Президент Садыр Жапаров 11-сентябрда Кыргызстанга иш сапары менен келген Жамааттык коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды.
Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, жолугушууда регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, ошондой эле Уюмдун алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчысы Балыкчы шаарында Имангали Тасмагамбетов байкоо салган ЖККУнун Жамааттык ыкчам аракеттенүү күчтөрү менен “Өз ара аракеттенүү-2024” командалык-штабдык машыгуулардын ийгиликтүү аяктаганын канааттануу менен белгиледи.

Бул контекстте Садыр Жапаров аскердик-саясий чөйрөдө өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу үчүн бул иш-чаранын маанилүүлүгүн айтты. Ал ошондой эле машыгуулардын жүрүшүндө коопсуздукту жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө боюнча биргелешкен аракеттер ийгиликтүү иштелип чыгып, ар кандай сценарийлер сыноодон өткөнүн кошумчалады.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров азыркы учурда Кыргызстандын мамлекеттик органдары 2025-жылы ЖККУга өлкөнүн төрагалыгынын приоритеттерин иштеп чыгууда, мында бардык актуалдуу факторлор жана сунушталган маселелердин маанилүүлүгү эске алынарын белгиледи.
ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов өз кезегинде Кыргызстандын жетекчилигине бул маанилүү иш-чаралардын сапаттуу даярдалышы жана өткөрүлүшү үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал Садыр Жапаровго өткөрүлгөн машыгуулар биздин мамлекеттердин жамааттык жана улуттук коопсуздугуна келтирилген ар кандай чакырыктарга жана коркунучтарга жооп кайтарууга уюмдун жамааттык күчтөрүнүн даярдыгынын жогорулагандыгын көрсөткөнүн маалымдады.
Белгилей кетсек, Балыкчыдагы 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын окуу-машыгуу полигонунда ЖККУнун “Өз ара аракеттенүү-2024”, “Издөө-2024” жана “Эшелон-2024” машыгуулары болуп өттү. Ага ЖККУга мүчө Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын контингенттери катышты. Машыгууга бардыгы болуп 1500гө жакын аскер кызматчылары жана 300гө чейин курал-жарак, аскердик жана атайын техникалар, анын ичинде авиация, ар кандай типтеги Учкучсуз учуучу аппараттар, күжүрмөн катерлер, ошондой эле абадан коргонуу каражаттары тартылган.




















