Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарына жаңы автобустарды жана автоунааларды тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
“Жалал-Абад шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт паркы 50 жаңы автобус менен жаңыланды, алар жакын арада линияга чыгат, ошондой эле облустук ички иштер башкармалыгынын жана соттун автопарктары кызматкерлердин ыкчам жана натыйжалуу иштеши үчүн жаңы унаалар менен толукталды”, – деп айтылат маалыматта.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө шаар калкы үчүн өлкөнүн Министрлер Кабинетинен 50 даана жаңы автобус берилгенин билдирди.
Мамлекет башчысы Жалал-Абад шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуу автобазасынын техникалык паркы 2012-жылдан бери жаңылана электигин айтып, убакыттын өтүшү менен автопарктагы автобустардын дээрлик бардыгы жарактан чыгып, колдонууга мүмкүн болбой калганын белгиледи.
“Биз коомдук транспорттор аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө терең мааниге ээ экенин эске алуу менен бул жылы жүз миңдеген шаар тургундарынын күн сайын керектөөсүнө айланган коомдук транспортторду жаңылоого белсендик. Эми жаңы автобустар шаар тургундарынын түйшүгүн жеңилдетүү менен бирге жергиликтүү казынага да киреше алып келе баштайт. Жалал-Абад шаарындагы дээрлик бардык борбордук көчөлөр оңдоп-түзөлүп, автобустардын калаа жолдорунда ыңгайлуу жүрүүсүнө шарт түзүлдү”, – деп билдирди президент.
Ошону менен бирге ал бүгүнкү иш-чаранын алкагында облустук сот жана ички иштер башкармалыгына да атайын техника тапшырыларын айтты.
Сөзүнүн соңунда мамлекет башчысы дагы бир жолу шаардыктарды шаар күнү менен куттуктап, Жалал-Абад облусунун борборуна гүлдөп-өнүгүү жана бакубатчылык каалады.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында бүгүн, 26-октябрда, Аюб-Тоо тоосунун этегинде шаар күнүнө карата бийиктиги 50 метрдик мамлекеттик тууну көтөрүү салтанаты болуп өттү.




















