Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Душанбе шаарына иш сапар менен барат.
Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
«Иш-чарага Борбор Азиянын башка мамлекеттеринин башчылары катышары күтүлөт.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Душанбеде боло турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусу көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулоону көздөйт деп күтүлүүдө»,- деп билдирди Муратбек Азымбакиев.
Эске салсак, Садыр Жапаров акыркы жолу Тажикстанга расмий сапары менен 2021-жылы 28-июнда барган. Ал апрель айындагы кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан берки алгачкы жогорку саясий жолугушуу болгон.
Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү Консультативдик жолугушуусу былтыр 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн.
Саммитке президент Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов катышкан.
Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчылары бир катар документтерге, атап айтканда, 21-кылымда Борбордук Азияны өнүктүрүү үчүн достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге жана Биргелешкен билдирүүгө кол коюшкан.
Ошондой эле мамлекет башчылары көп тараптуу форматтардын алкагында Борбордук Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүү концепциясын, Борбордук Азия үчүн “Жашыл күн тартиби” регионалдык программасын жана 2022-2024-жылдарга регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Жол картасын бекитүү чечимин кабыл алышкан.
Бирок ынак коңшулук, кызматташтык келишимине саммиттин бардык катышуучулары кол коюшкан эмес. Тажикстан менен Түркмөнстан башчылары келишимге өз өлкөлөрүнүн ичиндеги процедуралары бүткөндөн соң кол коюшарын айтышкан.