Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, кыргызстандыктарды ыйык Орозо (Рамазан) айынын башталышы менен куттуктады.
Мамлекет башчысы Орозо – жан дүйнөнү тазалоо менен изги иштердин, бийик максаттарга жетүүгө шыктануунун айы катары сыпатталып, мусулман жамааты үчүн ыйык жана касиеттүү ай деп саналып келерин белгиледи.
“Өлкөбүздүн эртеңи үчүн элибиздин ынтымагы менен бейпилдиги өзгөчө мааниге ээ! Мына ошондуктан мамлекет бардык диний көз караштарга, ишенимдерге терең урматтоо менен мамиле жасайт.
Баарыбыздын биргелешкен иш-аракетибиз менен өлкөбүздүн өнүгөөрүнө жана алдынкы өлкөгө айланарына терең ишенем! Андыктан, жан дүйнөбүздү жаман ойлордон арылталы, пейилибизди түзөп, жаркын келечек курууга ар бирибиз оюбуз, ниетибиз, иш-аракетибиз менен кол кабыш кылалы.
Ички руханий тазалыктын, аруулуктун айы болгон Орозо айында ар бир үйгө Жаратканыбыз кут-береке алып келсин. Жалаң гана жакшылыкка үмүт байлап, таза ниет менен кармаган орозоңуздар кабыл болсун!”,- деди Жапаров.
Өлкө башчысы бул улуу айда жалпы кыргызстандыктарга бакубат жашоо, тынчтык жана жакшылыктарды каалап, билим алуу менен катар сабырдуу болууга чакырды.
Кыргызстанда Орозо айы быйыл 11-мартта башталды. 6-апрелге караган түн Кадыр түн болот.



















