Президент Садыр Жапров “Кабар” агенттигине маек куруп, коомчулук арасында кызуу талкууга түшкөн өлкөдөн алтын чыгарылып кетти делген видео жана анда аты аралашкан агасы Сабыр Жапаров боюнча комментарий берди.
“Ал видеону көрүп, менин күлкүм келди. Алтын уурдап башка өлкөлөргө чыгарып жаткан кишилер ошондой видео жасап, анан социалдык тармакка өздөрү таратат беле? Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө мамлекетке тийиштүү алтын кендерден тоннасын бул жакка коёлу, бир грамм алтынды да эч ким уурдай албайт. Ал эми менин бир туугандарым, үй-бүлөм чет өлкөлөргө бир нерсе чыгармак турсун, тескерисинче, чет өлкөлөрдөн бул жакка ташып атышат. Мен канча убакыт президент болуп олтурам билбейм, аны бир Кудай өзү билет. Мөөнөтүм бүтүп кызматтан кетип атканда өзүм эле эмес, бир-туугандарым, бала-чакамдын кимиси өлкөбүзгө канча каражатты кайдан инвестиция кылып алып келгени, кайсыл мекемелерди курушканы, кайсыл тармакка канча каражат салганы, кыргыз элине, мамлекетибизге кандай пайда алып келишкени жөнүндө ар бирине отчёт бердирем. Ошондо көп чындыкты билесиздер. Азырынча айтпай турайын. Кыскасын айтсам, биз бүгүнкү бийликте олтурган командабыз жана бир туугандарыбыз менен өлкөдөн чыгарып кетүү эмес, өлкөбүзгө ташып келүү менен алекпиз”, – деди президент.
Мамлекет башчысы өкмөткө тиешелүү бардык алтын кендерге, Кара-Балтадагы аффинаждык заводго видео-камералар коюлуп, баарын онлайн режимге (санарипке) киргизилип, күнү-түнү дебей видео тасмага тартылып, компьютерге жазылып турарын белгиледи.
Садыр Жапаров ошондой эле бир тууган агасы Сабыр Жапаровдун кайсы бир өлкөдө алтындын куймасын кармап түшкөн сүрөтү боюнча кайрадан комментарий берди.
“2021-жылы биз “Кумтөрдү” мамлекетке алгандан кийин дароо эле чет өлкөлүк, тагыраагы, эл аралык алтын саткан LBMA уюму биздин алтынды экспортко чыгарууга тыюу салган. Ошол мезгилде бизге дүйнөнүн булуң-бурчунан ар кайсы өлкөлөрдөн келишип, “силерден алтын сатып алабыз, бизге арзан баада бергиле” деп сунуштарын бере башташкан. Мага да, өкмөткө да көптөгөн сатып алуучулар келип турушкан. Иши кылса сатып алуучулар жайнап кетишкен.
Ошондо бир тууган агам Сабыр Жапаровду түркиялык алтын менен иштеген бизнесмендер чакырып, өздөрүнүн алтын заводун көргөзүшкөн экен. Алар деле силердин алтынды биз сатып алалы, арзаныраак бергиле дешкен. Ошол жерде түшкөн сүрөтү экен. Эгер ичинде кенедей бир арам ою болгондо, ал жерде алтын кармап сүрөткө түшмөк эмес да”, – деди Жапаров.
Ошентсе да ал кийин агасына мамлекеттин ишине кийлигишпөөнү, мамлекет өзү чечерин катуу айтканын белгиледи.
“Албетте, ошол кезде мен жаңы бийликке келип, иштерибиз жакшы жылбай жатса, агамдын деле мамлекеттин иши алдыга жылып кетсе экен деген жакшы ою болгон. Бирок биз ошол мезгилде бир жыл бою бир килограмм да алтын саткан эмеспиз. Алтындын баарын Улуттук банкта сактап турганбыз. Кийин “Центерра” менен тил табышып, “Кумтөрдү” алып, жакшынакай эки жолго түшкөндөн кийин, мурдагыдай эле, Улуттук банк аркылуу дүйнөлүк баада сата баштаганбыз. Азыркыга чейин алтындарыбыз дүйнөлүк биржада сатылып жатат”, – деди өлкө башчысы.
Эске салсак, 7-майда активист Асхат Осмонов бир адам алтын куймаларын көрсөтүп, бирөөгө отчёт берип жаткан видео жарыялаган. Бир аздан соң иликтөөчү журналист Болот Темиров өзүнүн Темиров Live YouTube каналына бул видеодогу маалыматтарды талдап чыккан материалды жарыялаа, анда алтын куймалар 2023-жылы Ысык-Көл аэропортунан Кипрге чыгарылып кеткен болушу мүмкүн деген.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков видео чындыкка дал келбей турганын билдиришкен.



















