Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына биринчи мамлекеттик визитинин алдында Кытайдын эң ири расмий гезити “Жэньминь жибао” гезитине берген маегинин негизинде кыргыз-кытай достугу жана кызматташтыгы, эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы жана алардын келечеги тууралуу макала басылды.
Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Садыр Жапаров кытайлык кабарчыга берген эксклюзивдүү маегинде “Кытай-Борбордук Азия” Саммитине катышуусунан Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар кыл чөйрөдөгү кызматташтыктын мындан ары тереңдешин күтүп жатканын билдирген.
Кытай Кыргызстандын эң маанилүү өнөктөштөрүнүн бири
“Кытай менен Кыргызстан тоолор менен чектешип, эң жакын кошуналардан болуп жашап келишет. 2000 жылдан ашуун убакыт мурун биздин өлкөлөдүн элдери Улуу Жибек Жолу аркылуу бири-бири менен байланышып, маданий жагынан болобу, турмуш-тиричилик жагынан болобу, бирин бири байытып келишкен”, – деген ал.
Мамлекет башчысы белгилегендей, 1992-жыл кыргыз-кытай алакасында бурулуш учур болгонун – заманбап дипломатиялык мамилелердин түзүлүшү менен жаңы барак ачылды. Салыштырмалуу кыска жана тарыхый 31 жыл аралыгында биздин өлкөлөр тең укуктуулук, өз ара сый-урмат менен ишенимге таянган чыныгы ынак коңшулук, достук мамилелерди түзө алышты.
Чек ара маселеси эки тарапка тең алгылыктуу шарттарда ийгиликтүү чечилди. Эми биздин бирдиктүү чек арабыз мамлекеттерибизди жана элдерибизди ажыратпай, тескерисинче, жакындатып турат.
Ал эки өлкөнүн ортосундагы саясий, аскердик, экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө, ошондой эле коопсуздук жаатындагы кызматташтык жемиштүү натыйжаларга жеткенин, эл аралык аренада Кыргызстан менен Кытай маанилүү маселелерде бири-бирине өз ара колдоо көрсөтүп келе жатканын белгиледи.
“Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда кандайдыр бир тоскоолдук жарата турган карама-каршылыктар же чечилбей турган маселелер жок. Эки өлкөнүн ортосунда бардык деңгээлдерде тыгыз байланыш, жемиштүү өз ара аракеттенүү, кызматташтыкты туруктуу өнүктүрүү жолго коюлган. Кытай Кыргызстандын эң маанилүү өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Өз ара түшүнүшүү, достук жана кызматташтык өтө баалуу жана Кыргызстан кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү үчүн күч жумшоого даяр”, – деген мамлекет башчысы.
Си Цзиньпин менен дос болуу чоң сыймык
Жапаров өткөн жылы онлайн жана офлайн режимде Си Цзиньпин менен жемиштүү байланышып турганын айтып өттү: Кытай менен Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин жолго коюлушунун 30 жылдыгына арналган январда биргелешип видеосаммитке катыштык, февралда кышкы Пекин Олимпиадасынын ачылышына күбө болдук, сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун Самарканддагы саммитинде кайрадан жолугуштук.
Садыр Жапаров Си Цзиньпин өлкөнү башкарууда бай тажрыйбасы, саясий акылмандыгы, адамдык бийик сапаты менен Кытайды ийгиликтүү башкарып, аны өркүндөтүп, Кытайдын эл аралык аренадагы кадыр-баркынын бийиктешине мүмкүнчүлүк түзүп жатканын белгиледи.
“Си Цзиньпиндин өлкөнү башкаруу тажрыйбасы мага Конфуций канондорундагы акылман башкаруучунун, «асыл адамдын» мүнөзүн эске салат. Мен үчүн президент Си Цзиньпин менен дос болуу чоң сыймык. Мен “Кытай – Борбор Азия” Саммитине катышуу жана Төрага Си Цзиньпин менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүн күтөм”, – деди Жапаров.
“Кытай-Борбордук Азия механизми” абройлуу аймактык бирикмеге айланат
Мамлекет башчысы алдыда боло турган “Кытай-Борбор Азия” саммити тууралуу сөз кылып, аймактык маселелер бардык Борбор Азия мамлекеттеринин кызыкчылыгына тиешелүү экенин белгиледи.
“Учурдагы кырдаал региондун өлкөлөрүнөн саясий байланыштарды чыңдоону, соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнү, аймактык тынчтыкка, коопсуздукка жана стабилдүүлүккө карата салттуу жана салттуу эмес коркунучтарга жана чакырыктарга биргелешип жооп кайтарууну талап кылууда. Өз ара тыгыз аракеттенүү, көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүү Кытай-Борбордук Азия форматынын жашоосунун гаранты болуп саналат”- деген ал.
Жапаров “Кытай-Борбордук Азия механизми” тынчтык саясатына өбөлгө түзүүчү жана соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты жигердүү өнүктүрө турган өзгөчөлүктөргө ээ болгон абройлуу аймактык бирикмеге айланат деп эсептей турганын баса белгилеген.