1-августта президент Садыр Жапаров Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну Чолпон-Ата шаарында кабыл алды.
Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки тарапты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу боюнча өлкөлөр ортосундагы артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды.
Президент мамлекеттер аралык мамилелерди ырааттуу кеңейтүүгө, аларды практикалык мазмун менен толтурууга өбөлгө түзүп жаткан бардык деңгээлдеги саясий диалогдун динамикалуу тереңдеп баратканын белгиледи.
Садыр Жапаров ошондой эле Казакстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысынын расмий сапары боордоштук алакаларды мындан ары чыңдоого, айрыкча Казакстандын Президентинин Кыргызстанга боло турган алдыдагы расмий сапарына даярдык көрүү шартында маанилүү түрткү болоруна ишенимин билдирди.
Ал эми Мурат Нуртлеу Садыр Жапаровго Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин саламын жеткирип, мамлекет башчылары тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин ырастады.
Эске сала кетсек, Кыргызстандын президенти күн мурун Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидовду Чолпон-Ата шаарында кабыл алган.
Анда бардык негизги тармактардагы, анын ичинде Камбарата ГЭС-1ди жана “Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан” темир жолун куруу биргелешкен долбоорлорунун алкагында өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулган.



















