Президент Садыр Жапаров Уюшкан кылмыштуу топтун лидери делген Камчы Көлбаевдин жок кылынышы боюнча “Кабар” агенттигине комментарий берди.
Мамлекет башчысы операция тууралуу алгачкы маалыматты көпчүлүк сыяктуу интернет булактарынан көргөнүн айтты.
“Дароо эле башкы прокурорго чалып: “Аскер прокуроруңду алып, өзүң барып, жеринен көрүп мага так маалымат берчи” деп жибердим. Ал барып, жеринен көрүп мага кайра чалды. “Атышуу болуп кетиптир, өлүм бар экен, жарадарлар бар экен” деп. Операция кандай болгон, мыйзамдуубу же мыйзамсызбы тез арада тергөө иши жүргүзүлсүн делип иш аскер прокуратурасына берилди. Азыр тергөө жүрүп жатат. Жыйынтыгын күтөлү”, – деди президент.
Жапаров криминалдык чөйрөнүн коомчулуктун, мамлекеттик түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүнө тийгизген таасири тууралуу мындай деди: “Негизи өнүккөн мамлекеттерде кримдүйнө деген түшүнүк жок. Ошол үчүн өнүгүп жатышат. Албетте криминалдык чөйрө мамлекеттин эле эмес, жарандардын, инвесторлордун да ишмердигине терс таасир этет. Каракчылык заманды унутуш керек. Азыр эшикте 21-кылым. Баары мыйзам чегинде болуш керек. Кимдир бирөөнү бирөө каракчылык кылса сөзсүз түрдө күч органдарына кайрылыш керек. Биз тез убакытта өнүккөн мамлекетти курушубуз керек. Ансыз деле алыс барбай эле коелу, кошуна мамлекеттерден бир канча жылга артта калып кетиптирбиз”.



















