Eurasiatoday
Ишемби, 21-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Садыр Жапаров: Элден жашыра турчу эч нерсебиз жок

  • Интервью
  • 03.11.2025 09:09

Loading

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде жаңы ачылган “Берекет банк” тууралуу комментарий берип, анын негизделиши дүйнөгө белгилүү Binance компаниясынын ээси Чанпен Чжаонун сунушу менен болгонун билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, бул – жеке бизнес долбоор болуп, өлкөгө ири көлөмдөгү инвестициялар тартылары күтүлүүдө.

— Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Өткөн жума күнү маалымат сайттарында жаңы ачылган “Берекет банкта” Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Марат Султанов менен катар сиздин уулуңуз Нурдөөлөт Нургожоев негиздөөчү болгону тууралуу маалымат чыкты.

Бул жаңылык социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан бир өңчөй кабыл алынган жок. Мамлекеттин тиешеси жок болсо болду да дегендер менен катар, туугандарын, балдарын аралаштырбай эле койсо болмок дегендер бар. Бул банктын сиздин үй-бүлөгө кандай тиешеси бар?

Тема боюнча

Анкарада Түркия менен Кыргызстандын соода-экономикалык кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Анкарада Түркия менен Кыргызстандын соода-экономикалык кызматташтыгынын келечеги талкууланды

21.08.2026

— Эл арасында талкуу болуп жаткан жакшы суроо менен келипсиз. Анда эмесе кененирээк жооп берейин. Элден жашыра турган эч нерсебиз жок.

Биринчиден, менин бийлик башына келгениме 5 жылдан ашты. Ушул жылдар аралыгында үй-бүлө, бала-чакамды эмес, бир туугандарымды да мамлекеттик иштерге аралаштырган жокмун. Бир үйдөн бир эле саясатчы чыкса жетет.

Силер бизнес кылгыла, өндүрүш ачкыла, өлкөгө инвесторлорду тартуу менен алек болгула деп келем.

Кудайга шүгүр, баары мени угуп, мамлекеттик иштерге аралашкан жок.

Муну жалпы эл-журт деле көрүп турат. Мындан ары деле мамлекеттик иштерге кийлигишпейт.

Министр болом, депутат болом дешпейт. Болбосо депутатты эл шайлайт да деп депутаттыкка деле барышса болмок. Бирок, барышпайт.

Баары жеке бизнестери менен алек болуп жүрүшөт. Чет жактан инвесторлорду алып келип жатышат.

Мен дайыма айтам: “тышка ташыбагыла, тыштан өлкөбүзгө ташып келгиле” деп.

Бүгүнкү күнгө чейин жакындарымдын тартып келген инвесторлорун, жасап жаткан иштеринин барын айтсам жакындарымды мактаган болуп калам. Ошондуктан азырынча эч бирин айтпайм.

Кудай буюрса президенттик мөөнөтүм бүтүп жатканда отчёт катары бир туугандарым өлкө үчүн эмне иштерди жасады, Рустам кандай иштерди бүтүрдү, канча суммага инвестор алып келди барын тизмектеп айтып берем. Жалпы эл көрөт.

Ал эми банк темасына келсек мындай. Азыр дүйнө жүзү виртуалдык активдерге өтүп жатпайбы. Ушул жылдын май айында дүйнө жүзүнө белгилүү Binance компаниясынын кожоюну Чанпен Чжао бизге келгенде идея берип, биргелешип санарип банк ачуубузду сунуштаган.

Мен дароо эле мамлекеттик банк кылалы деген оюмду айткам. Ал болсо мамлекеттик банкка кирүүгө каалоосу болбоду. Ошентип, мамлекеттик банк болсун деген сунушум өтпөгөндөн кийин жеке банк ачууга макул болдук.

Марат Султановду мурдагы банкир катары чакырып, уюштуруу иштерин жүргүзүүнү сурандым. Чанпен Чжао менен Марат Абдразакович Нурдөөлөт да кирсин деп суранышты.

Ары ойлонуп, бери ойлонуп анан мамлекеттин бир тыйын тиешеси жок болгондон кийин мейли деп уруксат бердим. Алар менен аралашып, тажрыйба топтой берсин дедим.

Мамлекеттик иштерге киришпей жеке иштери менен алек болгондору жакшы эмеспи.

Чанпен Чжао туш келди эле мамлекетке бара бербейт. Биринчиден, достук мамиле, экинчиден Кыргызстанда өнүгүү бар, коррупция менен аёсуз күрөш жүрүп жатканын көрүп турат, криминал жок, ошол үчүн Кыргызстанга келип жатат.

Канчалаган мамлекеттер аны өз өлкөлөрүнө чакырып келтире албай жүрүшөт. Бул кишинин бизге келиши менен ушул банк аркылуу өлкөгө миллиарддаган каражаттар келет. Башка негиздөөчүлөр да кирет бул банкка.

Мамлекетибиз, элибиз бул банктын пайдасын гана көрөт. Зыяны тийбейт.

— Бул банктын ишмердүүлүгү башка банктардай эле болобу?

— Албетте, кадимки эле банктардай болот. Бирок, көбүн эсе виртуалдык активдер жана санарип валюталар менен иштеген банк болот.

— Уулуңуздун бул тармакта билими, тажрыйбасы барбы?

— Мен жогоруда айтпадымбы. Балдарымды жана бир туугандарымды саясатка аралаштырбайм деп.

Ошондуктан Рустам да, Нурдөөлөт да экономика жана финансы жагын окуп бүтүштү.

Албетте, тажрыйбасы бар деп айта албайм. Бирок, бара-бара практика жүзүндө тажрыйба топтойт деп ойлойм. Азыркы жаштар бизге караганда жаңы нерселерди тез өздөштүрөт эмеспи. Эң негизгиси эч кам санабагыла.

Бул аракеттен кыргыз эли пайда гана көрөт. Кирешесин эл менен бөлүшөт. Жетим жесирлерге жардам берет. Социалдык обьектилерди салышат дегендей.

Маектешкен Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: инвестицияС. Жапаров
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

14.09.2026
Анкарада Түркия менен Кыргызстандын соода-экономикалык кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Анкарада Түркия менен Кыргызстандын соода-экономикалык кызматташтыгынын келечеги талкууланды

21.08.2026
Өзбекстан Кытай менен 6 млрд долларлык инвестицияны макулдашты

Өзбекстан Кытай менен 6 млрд долларлык инвестицияны макулдашты

18.08.2026
С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен  куттуктады

С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

24.07.2026
 С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен жолугушту

 С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер ведомстволорунун башчылары менен жолугушту

24.07.2026
К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

К. Ташиев президенттик шайлоого катышпайт. Кимди колдойт?

16.07.2026
С. Жапаров Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолунда таш кулаган учур боюнча билдирүү жасады

С. Жапаров Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолунда таш кулаган учур боюнча билдирүү жасады

12.06.2026
С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлерин кабыл алды

С. Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлерин кабыл алды

05.06.2026
Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Президенттин билдирүүсү

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Президенттин билдирүүсү

04.06.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.