Президент Садыр Жапаров Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгриянын улуттук майрамына жана Жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдешке (2023-жылдын 19-29-августунда өтөт) байланыштуу иш-чараларга катышуу үчүн 20-августта Будапешт шаарына иш сапары менен барат.
Бул тууралуу КР Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
«Аталган иш-чарага башка мамлекет башчыларынын да катышуусу күтүлүүдө. Иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара карым-катнаштын келечегин талкуулашат», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.
Алдын ала маалымат боюнча, Жапаров Орбан менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара карым-катнаштын келечегин талкуулайт.
Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамиле 1991-жылы түзүлгөн. Бул өлкөнүн элчилиги Бишкекте 2020-жылы ачылган. Ошол эле жылы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларация кабыл алынган. Эки өлкө негизинен айыл чарба, фармацевтика тармактарында кызматташат. Ондогон кыргызстандык студент Венгриянын жогорку окуу жайларында квоталык негизде билим алат. Венгер-кыргыз фонду түзүлүп, анын кыргыз тарабын Улан Сарбанов жетектөөдө. Анын айтуусу боюнча, венгер ишкерлери Кыргызстанда бир топ инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даяр.
Жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдешке Кыргызстандан жөө күлүк спортчулар Тимур Исаков жана Гүлшанай Сатарова катышат.