Президент Садыр Жапаров ID карталарды бекер алмаштыруу боюнча акция жүргүзүлөрүн билдирди. Бул туурасында ал соцтармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, акция 1-июлдан баштап 31-августка чейин жүргүзүлөт, андан кийин адаттагыдай эле өздүк баасына, тагыраагы 600 сомдон алмаштырылат.
Мамлекет башчысы паспорт, ID карт жана башка документтердин баары Кыргызстанда чыга баштаганын эске салып, эми мындан ары Кыргызстандын жасалма паспорту, жасалма ID карта деген түшүнүк болбой турганын белгиледи.
“Буга чейин “чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын паспорттору сатылат экен” деген имиш кептер айтылып келген. Тилекке каршы, мындай кептердин чындык экени аныкталган учурлар да болгон. Балким, бүгүнкү күндө да көптөгөн чет өлкөлүктөрдүн колунда Кыргызстандын паспорту менен ID карттары бардыр. Алардын мөөнөтү бүткөнчө алды 10 жыл, арты 5 жыл керектелиши мүмкүн. Албетте, мөөнөтү бүткөндөн кийин алардын баары жараксыз болуп калат. Эми мындан ары Кыргызстандын жасалма паспорту, жасалма ID карта деген түшүнүк болбойт. Себеби паспорттор өзүбүздөн чыга баштады. Буюрса, жасалма кылып чыгарууга мүмкүн эмес, жашыруун корголуучу элементтери көп. Андан сырткары, мурдагыдай оңго-солго, туш келди кишилерге сатылбайт”, – деп жазды Жапаров.
Президент “Учкун” мамлекеттик ишканасы менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги 1-июльга даяр болууга, ал эми кыргызстандыктарды ID картаны бекер алмаштырганга шашылууга чакырды.
“Ал эми жалпы жарандык паспортторду бекер алмаштырганга азырынча каржылык күчүбүз жете элек. Күчүбүз жеткен күнү жалпы граждандык паспортту дагы бекер алмаштыруу боюнча акция өткөрөбүз. Ушул жол менен гана өзүбүздөн чыгып жаткан паспортторго кыска мөөнөттө толук өтүп кетишибиз керек”, – деген Садыр Жапаров.




















