Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда, АКШнын мурдагы Президенти Дональд Трампка кол салуу аракетине байланыштуу билдирүү жасады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
«Талапкер жана АКШнын мурдагы Президенти Дональд Трамптын Пенсильваниядагы шайлоо алдындагы митинг учурундагы кол салуу аракетин кескин айыптайм.
Анын тезирээк сакайып кетишин, ошондой эле бардык жабыркагандардын тез айыгуусун каалайм», – деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетүүчү жагдай, 13-июлда АКШнын Пенсильвания штатында президенттикке талапкер Дональд Трамп шайлоо өнөктүгүндө сөз сүйлөп жатканда ок атылган. Ал сөзүн токтотуп, аянттан чыгып кеткенин, ок аткан киши жана кеминде дагы бир адам каза тапканын аймактын прокурору билдирди.



















