Президент Садыр Жапаров беш коопсуздук кызматкерин генералдык чининен ажыратты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жогорку даражадагы наамды аларга 2020-жылы 14-октябрда Сооронбай Жээнбеков отставкасынын алдында ыйгарган.
Президенттин буйругу менен төмөнкүлөрдүн чини алынды:
милициянын генерал-майору Алмазбек Орозалиев — Бишкектин мурунку коменданты;
милициянын генерал-майору Мирлан Каниметов;
милициянын генерал-майору Малик Нурдинов;
милициянын генерал-майору Талантбек Салиев;
генерал-майор Санжарбек Эркинбаев.
Белгилей кетүүчү жагдай, генерал жана ага тете болгон жогорку наамдар президент тарабынан атайын жарлык менен берилет. Отуз жыл ичинде 150дөн ашык адамга генерал жогорку наамы берилген болсо, алардын ичинен генерал-майорлордун саны – 123, генерал-лейтенанттардын саны – 20, генерал-полковниктердин саны – 6. Ал эми армиянын генералы эң жогорку аскердик наамды Кыргызстандын тарыхында жалгыз адам — Эсен Топоев алган.
Аскар Акаев өлкөнү башкарган 15 жыл ичинде 70ке жакын адамга генерал наамын берген. Ал эми Курманбек Бакиев президент болгон беш жыл ичинде генерал наамын алгандардын саны 50дөй адамга көбөйгөн. Өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаева 15 адамга генерал наамын тапшырган. Алмазбек Атамбаев өлкө башчысы болгон алты жыл ичинде 10 жетекчи генерал наамын алган. Сооронбай Жээнбеков үч жыл ичинде бул наамды төрт гана адамга берүүгө үлгүргөн. Кызыгы, алардын үчөөнө Жээнбеков президенттик кызматын тапшырар күнү ыйгарган.
“Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, эң төмөнкүсү генерал-майор, анан генерал-лейтенант, генерал-полковник андан кийин армиянын генералы турат. Армиянын генералы — бул Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндөгү эң жогорку аскердик наам.




















