Eurasiatoday
Дүйшөмбү, 16-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Сөз эркиндигине жамынгандардын тилеги эмнеде?

  • Аналитика
  • 13.02.2024 12:29

Loading

Баарыбыз билгендей, буга чейин Президенттер өзүнчө каада күтүп, элден обочолонуп келишкен. Өлкөдөгү орчундуу окуялар, кайгылуу кырсыктар катталганда эл арасына басып бармак турсун, үн катчу эмес. Бир эле мисал, алыс барбай Дача-СУдагы учак кырсыгын карасак, 39 мекендешибиз көз жумганда Мамлекет жетекчиси барбай койгон. Эли-журттун үнүн да уккан эмес. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, мына бүгүн Өлкө жетекчиси саясий окуя, майда-чүйдө кырсыктарга гана эмес, бирөөнүн үйү бузулса да чуркап жетип кабар алып жатат. Буга миң мертебе шүгүр дешибиз керек. Акыйкатты көрө билип, чындыкты кеп кыла жүрүшүбүз абзел.

Айтайын дегенибиз, Президент Садыр Жапаров мурдагы жетекчилердей жашынып жатпастан, колунан келишинче элге жакын болууга аракеттенүүдө. Анын бири катары, ар дайым пикирин ачык билдиргенин айтсак болот. Мурдагы жетекчилердей төрт, беш айда берилген бир маек менен чектелбей, керек болсо күн сайын өз ою менен бөлүшүүдө. Бул алкоого арзый турган мыкты сапат экен айтып коюшубуз керек. Ушул жумада эле “Кабар” агенттиги менен эки маек курду, анын бирөөсүндө сөз эркиндиги жана адам укуктарынын сакталышы боюнча сөз кылды.

Президент кыргыздар илгертен сөз эркиндиги менен жашап келген эл экенин, аны чектөөгө болбостугун, ага эч качан жол берилбестигин айтып, бирок “сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып биздин менталитетибизге, салтыбызга, табиятыбызга туура келбеген үгүт иштерин жүргүзгөндөргө тийиштүү чара көрүлөрүн билдирди. “Сөз эркиндиги жок дегендер – “сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып, каалаганын кылып келгендер, сөз эркиндигине жамынып алып өлкөгө бүлүк салууну пландап жүргөн “лжемекенчилдер”. Биз өлкөгө бүлүк салгысы келген андай арам ойлууларга жол бербейбиз”, – деди Садыр Жапаров. Бул абдан туура. Азыр жалган маалымат таратып, кимдир бирөөлөрдүн аброюна шек келтирген учурлар болуп жатат. Ал ооздукталышы шарт.

Тема боюнча

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

09.10.2026

Ал эми чыныгы сөз эркиндиги менен бийликти сындап, коррупционерлердин бетин ачып, кемчиликтерди айткандарды колдошубуз керек. Аларга эч каршылык боло элек. Мамлекет башчысы да “Андай жардам бергиси келген жарандарыбыз интернет аркылуу же Бишкектеги М.Горький аянтында каалашынча айтып, кайрылуу кыла беришсин” деди. Алар мыйзам бузган чиновниктердин бетин ачканга салым кошуп, тазаланганга жардам берип жатышат. Ага эч ким каршы болбойт.

Баары күбө, бизде ким эмнени кааласа сүйлөп жатат. Ойлорун көчөдөн болобу же интернеттен болобу айтып жатышат. Эч ким тыйган жок. Бирок, биз мамлекетти да ойлогонго үйрөнүшүбү керек. Өлкөнүн тынчтыгын буза турган иштерден оолак болуп, коопсуздук маселесинде абайлап сүйлөгөнгө көнүшүбүз кажет. Жергебиздин тынч болгону баарыбызга керек. Анан демократия деп эле оозго келгенди оттой берсек, аягы кейиштүү абалга алып келери бышык. Азыр демократия деген түшүнүктү да кээ бир жарандарыбыз туура эмес багытка колдонуп жатышат. Демократия деп жалган маалыматтарды каалашынча таратуу менен элди башаламандыкка үндөп же чакырык жасашууда. Ошого катар, бирөөгө жалган жалаа жаап коюп, эч нерсе болбогондой жүрө берсек болот деген түшүнүктө жүргөндөргө күбөбүз. Айрым маалымат сайттары да тыкыр иликтеп, чын-бышыгын тактабай туруп эле жалганды чындай кылып чыгарганын көрүп жатабыз. Кыскасы, бизде ушундай кейиштүү жагдайлар абдан арбып кетти. Ошону мыйзамдын алкагында жолго коюшубуз зарыл.

Кызыгы, кээ бирлер чет жактагы анализдерди мисалдап, Кыргызстан адам укугу, сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде бир тепкичке ылдыйлады дешүүдө. Муну жалган маалыматтар аркылуу коомчулукту коозутуу десек болот. Президент өз маегинде буга да токтолуп: “Дүйнөлүк рейтингди дал ушул сөз эркиндигине жамынган бузукулар түзөт. Эгер биз алардын айткан шарттарын, биздин элибиздин табиятына туура келбеген бузуку саясатын кабыл алып, элибиздин арасына таратып, сиңирип турсак, анда биз адам укугу, сөз эркиндиги жаатында алдыңкы орунга чыкмакпыз. Бизге мамлекетти, элди моралдык жактан бара-бара талкалап жок кыла турган андай биринчиликтин кереги жок”, – деди. Бул калетсиз чындык десе болот. Алардын бузукулукка үндөгөн рейтингинин бизге кыпындай дагы кереги жок.

Чындыгында алардын рейтингинде диверсия жатат. Жасалма рейтинг чыгарып, ага ыплас идеологиясын байлаган сырттагы күчтөр дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө “саясий диверсанттарды” даярдап, активдүү иш алып барганы эч кимге жашыруун эмес. Алар укук коргоо уюму, медиа коом, эркин жана иликтөөчү журналист ж.б. аталыштагы чүмбөттөлгөн “долбоорлор” менен “жең ичинде” иш жүргүзүп келе жатышат. Биздин шыктуу уул-кыздарыбыздын аң-сезимин, ой жүгүртүүсүн өзгөртүп, диверсант кылып тарбиялап, анан өздөрүнүн максаттары үчүн пайдаланышууда.

Анда тарбиялангандар “эркин журналистмин, мекенчилмин” деген түшүнүккө байланып алып, бөтөн саясатты жүргүзүп, сырттан таңууланган идеологиянын “зомбисине” айланып калышууда. Алар мамлекетке кызмат кылгандарды душман катары көрүп, элге жек көрсөтүү багытында иштейт. Азыр “дакансалар”, “кошоматчылар”, “пахтакорлор” деп шыбаганын көрүп жатабыз. Кызыгы, бийликке ким келбесин алар үчүн душман. Карасаңыз, Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков доорунда дагы ушулар кыйкырган, азыр дагы үнү басыла элек, кийинки президенттин тушунда да боло берет. Булар үчүн ким президент болгону маанилүү эмес, мамлекетти ыдыратуучу саясатын жүргүзө берет. Демек, биз ойлонор, акыл калчар маалга келдик. Ким душман экенин ажырата билелик.

Кылычбек КУДАЙБЕРГЕНОВ.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: демократияНПОСадыр Жапаровсөз эркиндигиЭнтони Блинкен
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

17.10.2026
Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

09.10.2026
Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

07.10.2026
Садыр Жапаров БУУнун трибунасында: Санкциялар эгемендүү мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү куралы катары колдонулуп жатат

Садыр Жапаров БУУнун трибунасында: Санкциялар эгемендүү мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү куралы катары колдонулуп жатат

23.09.2026
Садыр Жапаров АКШга иш сапар менен келди

Садыр Жапаров АКШга иш сапар менен келди

19.09.2026
Садыр Жапаровдун Түштүк Кореяга расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

Садыр Жапаровдун Түштүк Кореяга расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

17.09.2026
Блинкен: Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөр АКШ аларды коргой албай турганын түшүнүштү

Блинкен: Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөр АКШ аларды коргой албай турганын түшүнүштү

16.09.2026
Президент С. Жапаров Талас шаарына 30 электробус тапшырды

Президент С. Жапаров Талас шаарына 30 электробус тапшырды

11.09.2026
Садыр Жапаров Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту

Садыр Жапаров Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту

31.08.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
200 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.