Россия Кыргызстан менен Тажикстанды чек араны тактоо маселеси боюнча кескин билдирүүлөрдөн жана шашылыш кадамдардан алыс болууга чакырат.
Бул тууралуу РФ Тышкы иштер министрлигинин ведомствонун сайтында жарыяланган билдирүүсүндө айтылат.
«Москва чек араны делимитациялоо чөйрөсүндөгү талаш-тартыштарга байланыштуу Бишкек менен Душанбенин ортосундагы өз ара риторикалардын күчөшүнө байланыштуу кырдаалдын өнүгүшүнө кылдат көз салууда», — деп айтылат РФ Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
Орус тарап бардык карама-каршылыктарды эки тараптуу өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында гана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен чечүүгө чакырат. Ошондой эле эки өлкөнү Россиянын стратегиялык өнөктөштөрү экенин белгилеп, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин пикир келишпестигине жол бербөө жана жана аймактагы туруктуулукту сактоого кызыкдар экенин айтат.
Ушул жылдын 15-сентябрында КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, «кыргыз бийлиги чек ара боюнча жаңы документтерди тапканын, көптөгөн жер коңшу өлкөгө өтүп кеткенин ошол кагаздардын негизинде аныктап бере аларын» айткан жана «Тажикстан Кыргызстанга карата айрым чек ара дооматтарынан баш тартпаса, кыргыз тарап тарыхый документтердин негизинде коңшу өлкөгө укуктук жактан доомат койсо болорун» билдирген.
Буга байланыштуу Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев 16-сентябрда бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине чакырылган.
19-сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун 78-сессиясынын алкагында жолугуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулады.
Эске салсак, Кыргызстандын Тажикстан менен болгон чек арасы 980 чакырым. Анын 664 чакырымы чечилип, калган 300 чакырымдай аралык такталбай келет. Бул – эң негизги делген калктуу пункттар, суулуу аймактар. Ал эми чечилген жерлер эл жашабаган тоолуу аймактарга кирет. Ушул тапта эки өлкөнүн атайын комиссиялары тактала элек тилкелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.