Россия менен Вьетнам коргонуу жана коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты арттырат. Бул тууралуу Вьетнамдын президенти То Лам билдиргенин РИА Новости жазды.
«Биз коргоо жана коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты арттырабыз, жаңы жана салттуу чакырыктарга каршы эл аралык укуктун негизинде бирге күрөшөбүз», – деди ал Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында.
Россия Федерациясынын жана Вьетнам Социалисттик Республикасынын биргелешкен билдирүүсүндө коргоо жана коопсуздук тармагындагы кызматташтык орус-вьетнам мамилелеринин системасында өзгөчө орунду ээлей турганын айтылат.
Достук мамилелердин негиздери жөнүндө орус-вьетнам келишиминин ишке ашырылышынын 30 жылдыгынын алкагында ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүү Кремлдин сайтында жарыяланды.
«Тараптар коргонуу жана коопсуздук тармагындагы кызматташтык орус-вьетнам мамилелеринин системасында өзгөчө орунду ээлей турганын баса белгилешти. Ал үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталган эмес, өз ара ишенимдин жогорку деңгээли менен айырмаланат, эл аралык укуктун принциптерине жана нормаларына так ылайык жүзөгө ашырылат, ошондой эле Азия-Тынч океан чөлкөмүндө жана бүтүндөй дүйнөдөгү тынчтыкка, туруктуулукка жана туруктуу өнүгүүгө салым кошот», – деп айтылат билдирүүдө.
Путин Вьетнамга эки күндүк сапары менен 19-июнда КЭДРдеги мамлекеттик сапарынан кийин келген. Бул Путиндин Вьетнамга бешинчи сапары; ал буга чейин Азия мамлекетине 2001, 2006, 2013 жана 2017-жылдары барган. Учурдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө россия-вьетнамдык ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн бардык маселелерин талкуулоо пландалууда.


















