Россия-Кытай деңиз күчтөрүнүн биргелешкен “Деңиз өз ара аракеттенүүсү-2025” машыгуусу 1-5-августта Япония деңизинде өтөт. Бул башка өлкөлөргө каршы багытталган эмес.
Бул тууралуу Тынч океан флотунун басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянып РИА Новости жазды.
“2025-жылдын 1-августунан 5-августуна чейин Тынч океан флотунда (ТОФ) “Деңиз өз ара аракеттенүүсү-2025″ биргелешкен орус-кытай деңиз күчтөрү машыгуусу өткөрүлөт. Салттуу машыгуу Япония деңизинин акваториясында өтөт. Бул машыгуу Россиянын Аскер-деңиз флотунун деңизчилери менен тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлөт. Бул башка өлкөлөргө каршы эмес”, – деп айтылат билдирүүдө.
Машыгуу деңиз жана жээк бөлүгүндө боло турганы белгиленди. Владивостокто командалык штаб түзүлөт. Анда тараптар деңизде биргелешкен аракеттерди уюштурууну пландап, карталарда машыгышат жана спорттук программаны көрүшөт.
“Деңизде эки өлкөнүн кемелери деңизде издөө-куткаруу боюнча биргелешкен иш-аракеттерди өткөрүшүп, ошондой эле суу астындагы кайыктарга каршы тапшырмаларды жана абадан коргонуу боюнча машыгууларды аткарышат. Тынч океан флотунун аскердик машыгуу полигондорунун бирине биргелешип артиллериялык аткылоо жүргүзүшөт”, – деп айтылат маалыматта.
Россия кораблдер отрядын суу астындагы кайыктарга каршы ири “Адмирал Трибуц” кемеси, ал эми кытайлык отрядды “Шаосин” эсминец жетектей тургандыгы баса белгиленген.
Машыгууга эки өлкөнүн суу астындагы дизель-электр кайыктары жана деңиз авиациясы да катышат.

















