Россия БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газа тилкесинде ыйык Рамазан айында ок атууну токтотууну талап кылган Коопсуздук кеңешинин резолюциясын аткарбаган Израилге каршы санкция киргизүү маселесин тез арада карап чыгышы керек деп эсептейт.
Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Коопсуздук кеңешинин жыйында айтканын РИА Новости жазды.
“Коопсуздук кеңешинин милдеттүү резолюцияларын аткарбоо мыйзам бузуучуларга каршы санкция киргизүүгө алып келиши керектигин дагы бир жолу эскертебиз. Кеңеш бул маселени токтоосуз карашы керек деп эсептейбиз”, – деди Небензя.
Ал БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Газа тилкесинде Рамазан айында ок атууну токтотууну талап кылган 2728 резолюциясы аткарылбаганын эске салды.
25-мартта БУУнун Коопсуздук кеңеши Газада Рамазан айында ок атууну токтотууга чакырган резолюция кабыл алган. Резолюцияга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 14 өлкөсү, анын ичинде Улуу Британия, Кытай, Орусия жана Франция добуш берип, АКШ гана калыс калган.
Кабыл алынган документте үч пункт бар.
Биринчиси Рамазан айында ок атууну токтоосуз токтотуу талабын камтыйт, аны чыр-чатактын бардык тараптары сакташы керек. Экинчи пунктта бардык барымтадагыларды токтоосуз жана шартсыз бошотуу каралган. Үчүнчү пункт Газага гуманитардык жардамдын агымын көбөйтүү, анын жеткирилишине болгон тоскоолдуктарды жоюу жана Газа боюнча жарандардын коргоосун күчөтүү зарылчылыгын баса белгилейт.
Израилдин Газа тилкесиндеги аскердик операциясы башталгандан бери каза болгондордун саны 33 899га жетип, 76664 киши жаракат алганын анклавдын Саламаттык сактоо министрлиги 17-апрелде билдирди.
Израиль Коопсуздук кеңешинин резолюциясын аткарбай, Газадагы чабуулдарын улантууда.

















