23-август күнү кечинде Орусиянын Тверь облусундагы Бологовский районунда кулап түшкөн учакта “Вагнер” жеке аскердик компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожин да болгон. Бул тууралуу Росавиация билдирди.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматында борттогу он адамдын бирөө да тирүү калбаганы жазылган.
Мекеме каза тапкан жети жүргүнчүнүн жана экипаждын үч мүчөсүнүн аты-жөнүн жарыялады. Пригожин менен Уткинден башка тизмеде Сергей Пропустин, Евгений Маркарян, Александр Тотьмин, Валерий Чекалов, Николай Матусеев жана экипаждын үч мүчөсү болгон. Валерий Чекалов Пригожиндин түзүмдөрүнүн биринин жетекчиси, бир катар медиа каражаттары ал “Ровер” деген каймана ат менен таанымал болгонун жазууда.
Учак кулаган жерде табылган 10 кишинин сөөгү катуу күйүп калгандыктан, азырынча алар тааныла элек. “Интерфакс” агенттиги аймакта издөө-куткаруу операциясы аяктагынын билдирди.
Учак кулап баратканда тартылган видеону “База” жана Mash Телеграм-каналдары жарыялады.
Самолёт калктуу конушка кулаган. Жеринен жарыяланган сүрөттөрдө борттун капталындагы RA-02795 деген жазууну көрүүгө болот. Бул “Вагнердин” башчысына таандык бизнес-жеттин номери. Пригожин бул учак менен “Вагнердин” козголоңунан кийин Беларуска учуп барган.