Ирандагы алгачкы «Robolegal» аттуу «робот-юрист» сот органдарынын өкүлдөрү жана юристтердин катышуусунда коомчулукка тааныштырылды. Өндүрүүчүлөрдүн айтымында, бул технология алгач калкка юридикалык кеңештерди берүү үчүн колдонулушу мүмкүн.
Робот инновация жана технология жаатындагы адистер Мехди Исмаили жана Мохаммад Вахеди тарабынан иштелип чыккан.
иштеп чыгуучулардын бири Мехди Исмаилинин айтымында, система Иран мыйзамдарынын негизинде жасалма интеллект аркылуу даярдалган, ошондуктан юридикалык суроолорго так жооп берүүгө жөндөмдүү.
Ал белгилегендей, «Robolegal» системасынын биринчи барагы жөнөкөйлүк менен иштелип чыккан жана мындай жөнөкөйлүктүн себеби бул технологияны юридикалык билими ар кандай деңгээлдеги бардык колдонуучулар, ал тургай юридикалык сабаты жоктор да колдоно алышат.
Авторлордун дагы бири Мохаммад Вахеди бул технологиялык робот ар кандай документтерди жана сот жазууларын тез ылдамдык менен талдай аларын кошумчалады.


















