1979-жылы Ирандын тактан кулатылган шахтын уулу Реза Пехлевинин Fox News телеканалына берген маеги жана анын АКШнын ички саясатына ачык кийлигишүүсү америкалык ишмерлердин реакциясын жаратты. Америкалык мурдагы федералдык прокурор Рон Филиповски, саясий аналитик Дженнифер Уэлш жана сенатор Крис Мёрфи Пехлевинин бул кадамын кооптуу жана жоопкерчиликсиз деп баалады.
Алардын пикиринде бир эле суроо турат: Реза Пехлеви чындап эле Иран элинин эркиндиги үчүн күрөшүп жатабы, же АКШдагы жана Израилдеги белгилүү саясий күчтөрдүн кызыкчылыгына кызмат кылып жатабы?
Филиповскинин айтымында, Пехлеви Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху сыяктуу эле стратегиялык олуттуу ката кетирип, АКШдагы партиялык күрөштө бир тарапты ачык тандады. Трампты мактап, Обама менен Байденди сынга алуу, мындан тышкары АКШны Иранга карата аскердик кийлигишүүгө кыйыр түрдө үндөө — бул аны «Трамп–Нетаньяху фронтунун пешкасына» айлантат.
“Бул ыкма узак мөөнөттүү келечекте өтө кооптуу, анткени чет өлкөлүк (Реза Пехлеви сыяктуу) саясий фигура өз өлкөсүнүн элинин эркиндигине гана көңүл буруунун ордуна, АКШдагы партиялык согушка аралашып, бир партияга (демократтарга) каршы позицияны тандаса, өзүнүн аброюн олуттуу түрдө жоготот. Бул стратегия менен ийгилик каалайм! Чындап эле акылдуу тандоо болду…”, – деди Рон Филиповски.
Дженнифер Уэлш: «Реза Пехлевинин эми ачык түрдө Трамп жана Нетаньяху менен биригип, Обама менен Байденге каршы позицияга өтүшү анын башкы максаты Иран элинин эркиндиги эмес, Трамптын жана Израилдин саясий кызыкчылыктары экенин көрсөтүп турат. Бул — демократиялык баалуулуктарга жана Иран элине жасалган ачык чыккынчылык»
Сенатор Крис Мёрфи Реза Пехлеви сыяктуу сүргүндөгү фигура АКШнын партиялык согушуна аралашып, аскердик режимдин пайдасына бир партияны (демократтарды) тандаганда, ал өзүнүн ишенимдүүлүгүн жоготорун жана Иран элине зыян келтирерин, бул аракет жоопкерчиликсиз гана эмес, кооптуу дагы экенин билдирди.
10-январда 1979-жылы кулатылган Иран шахынын уулу Реза Пехлеви X социалдык тармагында Иран элине кайрылуу менен жаңы видео жарыялаган. Ал билдирүүсүндө жалпы улуттук иш таштоого чакырып, нааразычылыктардын максаты стратегиялык маанидеги көчөлөрдү жана объектилерди басып алуу жана көзөмөлдөп туруу экенин айткан. Мындан мурда ал АКШнын президенти Дональд Трампты Ирандагы кырдаалга кийлигишүүгө чакырган.
Ошол эле күнү кечинде Трамп, эгерде нааразычылык акцияларында адамдар каза болсо, Иран бийлигин кесепеттер күтүп турганын эскертип, АКШ Иранга «жардам берүүгө» даяр экенин билдирген.



















