Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон казакстандык кесиптеши Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен Астанага жумушчу сапар менен барды.
Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазды.
Аны Тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин, ошондой эле маданият, айыл чарба, өнөр жай министрлери жана Согди облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода коштоп барды.
Сапардын алкагында эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугуп, соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана инвестициялык кызматташтык маселелерин талкуулайт.
Мындан тышкары президенттер Тажикстандын маданият күндөрүнүн ачылышына катышып, бул өлкөнүн айыл чарба азыктарынын көргөзмөсүнө барышат.
Эске салсак, Рахмон менен Токаев быйыл июлда Сауд Аравиянын Жидда шаарында өткөн “Борбор Азия өлкөлөрү менен Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин” саммитинде жолугуп, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурганы кабарланган.
Май айында Рахмон Казакстанга мамлекеттик сапар менен барганда тараптар Тажикстандын маданият күндөрүн өткөрүү боюнча макулдашкан. Бирок анда анын датасы айтылган эмес.



















