Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Нурек ГЭСинин оңдоп-түзөөдөн өткөн жетинчи гидроагрегатын ишке киргизди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
«Хатлон облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тажикстандын президенти Нурек ГЭСинин оңдолгон 7-агрегатын пайдаланууга берди», — деп маалымдалды.
Белгиленгендей, 2019-жылы башталган долбоордун алкагында гидроагрегаттын негизги жабдуулары толугу менен жаңыланып, заманбап технологиялар киргизилген.
Нурек ГЭСи
Турсун Ульджабаев атындагы Нурек гидроэлектростанциясы Хатлон облусундагы Нурек шаарына жакын Вахш дарыясында жайгашкан. Анын курулушу 1961-жылы башталып, агрегаттары 1972–1979-жылдары этап-этабы менен ишке берилген.
Нурек ГЭСи Тажикстандын эң ири электр станциясы жана Борбор Азиядагы эң кубаттуу гидроэлектростанция болуп саналат. Ошондой эле ал Советтер Союзу учурунда түзүлгөн аймактык ГЭСтер системасына кирет.
Нурек ГЭСи мамлекеттик «Барки Точик» энергетикалык компаниясына таандык жана Тажикстандагы электр энергиясынын болжол менен 70%ын камсыз кылат.



















