Россияда Куранды сыйлабагандык башка мамлекеттерге салыштырмалуу кылмыш болуп саналат, Россия бул мыйзам эрежелерин ар дайым сактайт.
Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.
“Мусулмандардын бул ыйык нерсеси башкалар үчүн да ыйык болушу керек. Башка өлкөлөрдө тескерисинче кылып жатышкан билебиз. Адамдардын диний ишенимдерин сыйлашпайт, анан аны кылмыш деп эсептешпейт. Биздин өлкөдө бул – Конституция боюнча да, РФ Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча да кылмыш болуп саналат. Бул кылмыш, сыйлабастык, региондор жана конфессиялар аралык кастыкты козутуу. Биз бул мыйзам эрежелерин дайыма сактайбыз”, – деген Путин Дербенттеги Жума мечитине барганда.
Буга чейин Франс Пресс агенттиги Швецияда полиция кызматы Курман айттын биринчи күнү Стокгольмдогу башкы мечитте Куранды өрттөө акциясына уруксат бергенин жергиликтүү укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен жазган.
Швециянын премьер-министри Ульф Яльмар Кристерссон полициянын чечимин “мыйзамдуу, бирок орунсуз” деп билдирген.
Эске салсак, январь айынын аягында Стокгольмдо ашынган оңчул саясатчы, “Катуу курс” партиясынын лидери Расмус Палудан Швециянын бийлигинен акция өткөрүүгө уруксат алып, Түркиянын элчилигинин алдында Куранды өрттөгөн.
Мындан улам Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Швеция НАТОго кирүү үчүн Түркиянын колдоосун күтпөй эле койсо болорун айтып, эгер Швеция Түркияны, ошондой эле мусулмандардын диний сезимдерин сыйлабаса, НАТОго мүчө болуу үчүн Анкарадан эч кандай колдоо күтө албарын белгилеген.
Андан көп өтпөй Расмус бул кылыгын Данияда кайталап, Копенгагендеги мечиттин алдында Куранды өрттөгөн.
Стокгольмдо Курандын өрттөлүшүн Россия, Иран, Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрликтери, анын ичинде Сауд Аравия, Кувейт жана Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министрликтери айыпташкан.
Кыргызстандан диний ишмер Кадыр Маликов ыйык Курандын өрттөлүшү боюнча нааразычылыгын билдирген. Ал Куранды өрттөө чагымчылык экенин айтып, аң-сезими терең адамдар кастык, жек көрүү жана жаңжал чыгаруу максатын көздөгөндөрдүн чагымчылыгына алдырбай турганын белгилеген.
“Китепти өрттөө Куранга зыянын тийгизбейт. Жараткандан берилген сөздөр эмес, жөн гана кагаз күйүп жатат”, – деген ал.















