Россиянын президенти Владимир Путин Кремлде Ирандын жогорку лидеринин улук кеңешчиси Али Лариджанини кабыл алганын РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Кремлдеги жолугушуу 20-июлда болду.
“Президент Владимир Путин бүгүн Кремлде Иран Ислам Республикасынын Жогорку лидеринин улук кеңешчиси Али Лариджанини кабыл алды. Иран өкүлү анын жетекчилигинин тапшырмасы менен Жакынкы Чыгыштагы жана Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы курчуп кеткен кырдаалга баа берди”, — деди ал.
Песков белгилегендей, “орус тарап аймактагы кырдаалды турукташтырууга жана Ирандын өзөктүк программасына байланышкан маселелерди саясий жактан чечүүгө багытталган белгилүү позициясын билдирди”.
Белгилей кетсек, 20-июлда Иран менен европалык үчтүк (Улуу Британия, Франция жана Германия) өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоону макулдашканы белгилүү болду.
Тараптардын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлиндеги жолугушуусу 25-июль күнү Стамбулда өтө турганын Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багаи билдирди.
18-июлда Франция, Германия жана Улуу Британиянын тышкы иштер министрлери Жан-Ноэль Барро, Йоханн Вадефуль жана Дэвид Лэмми Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. “Европалык үчтүк” Тегеранды өзөктүк келишимге жетишүү аракеттерин токтоосуз улантууга чакырып, антпесе бул өлкөлөр санкцияларды кайтаруу механизмин колдонобуз деп коркутушкан.
Аракчи Париж, Берлин жана Лондон бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдө роль ойноону кааласа, чектөө чараларын калыбына келтирүү идеясын таштап, жоопкерчиликтүү иш-аракетти баштоосу керектигин билдирген. Дипломат АКШ менен диалогду кайра баштоо үчүн Вашингтон эки тарапка тең пайдалуу жана тең салмактуу өзөктүк келишимге даяр болгондо гана мүмкүн экенин белгилеген.















