Кремлдин сайты кабарлагандай, Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиевден Азебайжан аба жолдорунун (AZAL) учагынын кыйрашына байланыштуу окуя Орусиянын аба мейкиндигинде болгондугу үчүн кечирим сурады.
Орус президенти Азербайжандын лидери менен сүйлөшүүдө кыйраган АЗАЛ учагы Грозныйга бир нече жолу конууга аракет кылганын белгиледи.
Бул учурда Грозный, Моздок жана Владикавказга украиналык учкучсуз учактар чабуул жасап, Орусиянын абадан коргонуу системалары бул чабуулдардын мизин майтарганын Кремль билдирди.
Орусиянын Тергөө комитети (ТК) Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси (жол кыймылынын жана аба транспортун эксплуатациялоонун коопсуздугунун эрежелерин бузуу) боюнча иш козгоду.
Азербайжандын Башкы прокуратурасынын эки кызматкери Грозныйда жүрүшөт, алар РФнын Тергөө комитети жана Башкы прокуратурасы менен биргеликте иш алып барышат.
Эске сала кетсек, 25-декабрда Бакудан Грозныйга учуп келе жаткан азербайжандык Embraer 190 жүргүнчү учагы Актау шаарына кулап түшкөн. Кырсыктын курмандыктары экипаж мүчөлөрүн кошкондо 38 адам болгон.


















