КР Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Болотбек Тиллебаевге жүктөлгөн эмгек милдеттерин жетиштүү деңгээлде аткарбаганы үчүн сөгүш жарыяланды.
Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирди.
Тийиштүү тескемеге мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койду.