Франция өкмөтү Европа Биримдигинин жетекчилигинен АКШ менен соода боюнча жаңы бажы төлөмдөрү тууралуу сүйлөшүүлөрдө басымды күчөтүүнү талап кылууда. Бул тууралуу Politico басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Францияда европалык сүйлөшүүчүлөр АКШнын президенти Дональд Трампка «кабыл алынгыс соода шарттарына макул болбосо, биз “кызыл баскычты” басууга даяр экенибизди так билдириши керек» деген позицияны карманышат.
Атын атабаган француз расмий өкүлүнүн айтымында, Еврокомиссия соода согушун баштаган АКШ сыяктуу союздаш менен иш алып барып жатканын түшүнүшү керек.
Бул билдирүүлөр Франция өкмөтү учурда кандай басымда турганын көрсөтүп турат: өлкө Трамптын дүйнөлүк соода эрежелерин бузуу аракети менен күрөшүүгө аргасыз болууда.
Франциянын чиновниктери басылмага Брюсселдин сүйлөшүү позициясын сындагысы келбегенин билдиришкен. Бирок алар Евробиримдик азыр мурдагыдан да катуу позицияны карманышы керек деп эсептешет.
“Эгер Европа биримдиги багынып берсе, ал күчсүз көрүнүп калат жана өзүнө пайдалуу шарттарга жетүү мүмкүнчүлүгүн жоготот”, — деп белгилешкен француз өкүлдөр.


















