Eurasiatoday
Дүйшөмбү, 16-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Парламенттик шайлоо саясий система үчүн жаңы башталышпы?

  • Интервью
  • 02.10.2025 06:38

Loading

Кыргызстанда 2025-жылдын 30-ноябрында мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт. Ага байланыштуу президент Садыр Жапаров өз кайрылуусунда санариптештирүү, ачык-айкындык жана шайлоочулардын саясий маданиятын өзгөртүү маселелерин өзгөчө белгиледи. Ал бул шайлоо «өлкө тарыхындагы эң таза шайлоо болушу керек» деп билдирди.

Бирок мындай билдирүүлөр канчалык реалдуу? Жаңы система кандай коркунучтар менен мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт? Мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан шайлоо Кыргызстандын саясий моделин өзгөртө алабы?

Дал ушул суроолор боюнча биз тарых илимдеринин кандидаты, “Гуров жана Өнөктөштөр — Борбордук Азия” коммуникациялык тобунун башкаруучу өнөктөшү Канатбек Мурзахалилов менен маектештик.

Тема боюнча

Д. Орунбеков: “Шайлоонун жалпы жыйынтыгында дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкүн”

Д. Орунбеков: “Шайлоонун жалпы жыйынтыгында дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкүн”

05.12.2025

— Президент Садыр Жапаровдун шайлоо алдындагы кайрылуусуна кандай баа бересиз?

— Мамлекет башчысынын кайрылуусун жана учурдагы контекстти талдоонун негизинде бир катар маанилүү жыйынтыктарды чыгарууга жана болжолдорду айтууга болот. Президент Жогорку Кеңештин VIII чакырылышын мөөнөтүнөн мурда таратып, шайлоону 2025-жылдын 30-ноябрына дайындады. Бул чечим узак мөөнөттүү саясий туруктуулукту камсыз кылуу жана шайлоо процесси ири эл аралык иш-чаралар менен (ШКУ саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары) дал келбеши үчүн кабыл алынган.

— Президент «эң ачык шайлоо болот» деп убада кылды. Бул канчалык негиздүү?

— Кайрылууда шайлоо процесси толугу менен санариптештирилип, автоматташтырылганы өзгөчө белгиленди. Добуштарды адамдын катышуусуз эсептөө жана натыйжаларды дароо жарыялоо фальсификация коркунучун кыйла азайтышы керек. Мурда дал ушундай бурмалоолор саясий кризистерге жана бийлик алмашууларга алып келген. Эми колдонулган санариптик технология көзкарандысыз мониторинг менен коштолобу же жокпу? Ушул эң маанилүү суроо.

— Кайрылууда аймактык добуш берүү моделинен баш тартуу чакырыгы да айтылды. Сиз бул тууралуу эмне дейсиз?

— Бул аракетти электоралдык маданиятты өзгөртүү аракети катары бааласа болот. Президент шайлоочуларга «жердешиме добуш берем» деген түшүнүктөн баш тартып, «талапкердин жеке сапатына жараша добуш бергиле» деп түз кайрылды. Ошондой эле добуш сатууга каршы күрөшкө өзгөчө көңүл бурду. Жарандарды мыйзам бузууларды ачык айтууга чакырды. Демек, адилет шайлоо үчүн жоопкерчилик эми шайлоочулардын өздөрүнө да жүктөлдү. Бул туура кадам.

— Шайлоо системасындагы реформа бул кампаниянын эң негизги жаңылыгы десек болобу?

— Ооба. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, ар бир округдан үч депутат шайланат. Алардын ичинен бир орун сөзсүз айымдарга берилет. Бул жаңылык Кыргызстан үчүн гана эмес, постсоветтик өлкөлөр, башка ири державалар үчүн да сейрек кездешүүчү практика. Максат гендердик тең салмактуулукту шайлоо системасына расмий түрдө киргизүү.

— Президент мамлекеттик жана бюджеттик кызматкерлерге катаал эскертүү берди. Бул эмнени түшүндүрөт?

— Бул так саясий сигнал. Президент «мамлекеттик кызматкер, мугалим же дарыгер шайлоочуларга басым кылса, кызматтан алынат, керек болсо кылмыш иши козголот» деп ачык айтты. Ошол эле учурда «шайлоо процессин жеке көзөмөлүмө алам» деп билдирди. Бул бир жагынан шайлоонун адилет өтөрүнө ишеним жаратса, экинчи жагынан бийликтин жеке көзөмөлү тууралуу суроолорду жаратат.

— Алдыдагы саясий динамика кандай болот деп ойлойсуз?

— Саясий талаада олуттуу өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Жаңы күчтөр пайда болот, ошол эле учурда атаандаштык да күчөйт. Эгер ачык-айкындык камсыздалса, нааразылык сценарийлери болбойт. Бирок кыргыз коомунда саясатчыларга болгон ишеним төмөн бойдон калууда. Негизги коркунуч ушул фактор.

— Шайлоонун ийгилиги эмнеге көз каранды болот?

— Баары шайлоонун таза өтүшүнө байланыштуу. Келе жаткан өнөктүк Кыргызстандын саясий системасы үчүн чыныгы бурулуш болушу зарыл. Өлкө туруктуу өнүгүү жолуна түштү, эми парламентаризм институтун чыңдоо мезгил талабы. Ал эми шайлоо өнөктүгү аяктаганга чейин көзкарандысыз байкоо, эл аралык катышуу, саясий сабаттуулукту жогорулатуу, добуш сатып алууга каршы системалуу күрөш жана санариптик коопсуздук камсыздалышы керек.

— Жыйынтыктап айтканда, президенттин кайрылуусуна сиздин жеке пикириңиз кандай?

— Мамлекет башчыбыз бул кайрылуу аркылуу шайлоо стандартын өзгөртүүгө аракет кылууда. Анын негизинде санариптик ачыктык, шайлоочунун жеке жоопкерчилиги жана гендердик теңчилик жатат. Эгер бул убада иш жүзүнө ашса, Кыргызстандын саясий системасы чындап жаңыланат. Бирок мындай өзгөрүү жарандардын шайлоого болгон ишенимине түздөн-түз байланыштуу болот. Башкача айтканда, саясий системаны өзгөртүүнүн башаты сиз менен бизден, жалпы кыргызстандыктардан көз каранды.

Маектешкен Эмилбек Момунов

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда таратылышыпарламенттик шайлооПрезидент Садыр Жапаровдун кайрылуусуШайлоо-2025
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

М. Маматалиев: “Шайлоого элдин аз катышуусу шайлоо системасынын эң чоң көйгөйлөрүнүн бири болуп саналат”

М. Маматалиев: “Шайлоого элдин аз катышуусу шайлоо системасынын эң чоң көйгөйлөрүнүн бири болуп саналат”

19.01.2026
Д. Орунбеков: “Шайлоонун жалпы жыйынтыгында дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкүн”

Д. Орунбеков: “Шайлоонун жалпы жыйынтыгында дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкүн”

05.12.2025
Б. Жумагулов: Жаңы шайлоо системабыз дагы бир тепкичке көтөрүлдү

Б. Жумагулов: Жаңы шайлоо системабыз дагы бир тепкичке көтөрүлдү

01.12.2025
Жаңы парламенттин алдын ала курамы

Жаңы парламенттин алдын ала курамы

01.12.2025
Т. Саралаев: “Кечээ өткөн шайлоонун уюштуруусуна ыраазы болуп, ынаныш керек”

Т. Саралаев: “Кечээ өткөн шайлоонун уюштуруусуна ыраазы болуп, ынаныш керек”

01.12.2025
Шайлоого элдин келишинин көбөйгөнү, бийликтин жүргүзгөн саясатын колдогонун билдирет – Курманов

Шайлоого элдин келишинин көбөйгөнү, бийликтин жүргүзгөн саясатын колдогонун билдирет – Курманов

01.12.2025
Садыр Жапаров: Шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жол берилбейт

Садыр Жапаров: Шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жол берилбейт

30.11.2025
Талапкерлерден 147 млн сомдон ашуун каражат казынага түштү – БШК төрагасы

Талапкерлерден 147 млн сомдон ашуун каражат казынага түштү – БШК төрагасы

30.11.2025
Саат 17:00гө карата 1 млн 197 миң 568 шайлоочу добушун берди

Саат 17:00гө карата 1 млн 197 миң 568 шайлоочу добушун берди

30.11.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
200 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.