Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйыны башталар алдындагы “Ар кандай маселелер” саатында депутаттар бир топ социалдык-экономикалык маселелерди көтөрүштү.
Депутат Сүйүн Өмүрзаков калктын ден соолугун сактоого көңүл буруп: “Арам өлгөн малдын этин саткандарга каршы катуу чаралар көрүлүшү зарыл. Күнүнө тонналаган эт сатылса, алардын бир канчасы ооруп өлгөн малдын эти экен. Мунун кесепетинен ар түрдүү оорулар пайда болууда”, – деди.
Депутат мындай этти саткандарга карата жоопкерчиликти күчөтүүнү дагы сунуштады. Анткени арам өлгөн малдын этин саткандарга мыйзам чегинде чара көрүүгө мүмкүн эмес.
“Алар санитардык талапты бузгандыгы үчүн айыппул менен гана кутулуп кетет экен”, — деди эл өкүлү.
Депутаттын пикиринде, эгер бул көрүнүштүн алдын албаса, Сибирь жарасы, эхинококкоз, бруцеллоз ооруулары жайылып кетиши мүмкүн. Ал эми арам өлгөн малдын эти көпчүлүк учурда колбаса цехтерге тапшырылат.



















