Париждеги Олимпиада оюндарынын алкагында бүгүн, 24-июлда, футбол жана регби боюнча мелдештер башталат.
Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө Париж жана Сент-Этьен шаарларынын стадиондорунда футболдук беттештер өтөт.
Париждеги “Парк де Принс” стадионунда Өзбекстан Испания менен беттешсе, “Жеффрой Гихард” стадионунда Аргентина менен Марокконун олимпиадалык курамалары кез келет.
Бул күнү мындан башка дагы 4 беттеш орун алат.
Тактап айтканда, «Стад де Франс» стадионунда саат 19:30да регби жетилик турнири башталат. Ошентип бүгүн жалпысынан 8 беттеш өткөрүлөт.
Париждеги жайкы олимп оюндарынын ачылыш аземи 26-июлга пландалган. Оюндар 11-августта жыйынтыкталат.
Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышат. Алар сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча беттештерге чыгышат. Алгачкылардан болуп, сууда сүзүү спорту менен Денис Петрашов 27-июлда саат 15:00 (Бишкек убактысы боюнча) өнөрүн көрсөтөт.



















