Пакистан армиясынын аскердик күчү, кайраты жана ишеними душманды тизелетүүгө мажбур кылды.
Бул тууралуу Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф өлкөнүн көз карандысыздыгынын 78 жылдыгына арналган кайрылуусунда билдирди.
«Улут катары биз бул жылдар аралыгында көптөгөн оор сыноолорго туш болдук, бирок бардык тармактарда олуттуу ийгиликтерге жана жетишкендиктерге жетише алдык», — деди премьер.
Ал белгилегендей, Индия менен чыңалуу учурундагы жеңиш улуттук рухтун көтөрүлүшүнүн жыйынтыгы болду.
«Армиябыздын аскердик күчү, кайраты жана ишеними душманды тизелетти. Биз эркиндигибиз үчүн өмүрүн берген шейиттерибизди урмат менен эскерип, алардын рухуна дуба кылабыз», — деп айтты Ш. Шариф.
Анын айтымында, Пакистан аймактык жана дүйнөлүк маселелерди диалог жана дипломатия жолу менен чечүүгө умтулат. Ушуга байланыштуу Индия да бардык талаш маселелерди, анын ичинде Жамму жана Кашмир маселесин чечүүдө ушундай эле саясий эрк көрсөтүшү керек.
Эске салсак, Пакистанда 14-август — Көз карандысыздык күнү белгиленүүдө.



















