Пакистандын Коргоо министри Хаважа Асифтин X соцтармагындагы Израилди кескин айыптоого алган посту Израилдин кеңири сынына кабылгандан кийин болжол менен бир суткадан кийин өчүрүлдү.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси Асифтин билдирүүсүнө дароо реакция жасап, нааразычылыгын билдирген.
Өчүрүлгөн постто Хаважа Асиф төмөнкүлөрдү айткан:
“Израиль — адамзат үчүн каргыш жана жамандык. Исламабадда тынчтык сүйлөшүүлөрү жүрүп жаткан чакта, Ливанда геноцид болуп жатат. Күнөөсүз жарандар Израиль тарабынан өлтүрүлүүдө: алгач Газа, андан кийин Иран, эми болсо Ливан — кан төгүү токтобой уланууда.
Европалык жөөттөрдөн кутулуу үчүн Палестина жеринде бул “рак илдетиндей мамлекетти” түзгөндөр тозокто күйөт деп үмүт кылам жана дуба кылам”.




















